Жалал-Абад шаарында мурунку  сператист  Кадыржан Батыровго таандык болгон консерва заводунун жерине «Газпром» ишканасы спорттук комплекс кура баштаганы маалым болду.  Кыргыз-өзбек ортосуна от таштаган Батыровго 28 мүлк таандык экени, алар мамлекет эсебине өткөндүгү айтылган.  Жаңы курулган ал  имарат эми 2018-жылдын ноябрь айында аяктап, шаардын балансына өткөрүлүп берилмекчи.  2500 чарчы метрлик эки кабат спорт компелксте  спорттун тогуз түрү боюнча секциялар иштей баштары айтылат. Белгилүү болгондой  «Газпром» ишканасы буга чейин 7 спорт комплекс курду.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here