Президент Алмазбек Атамбаев ар кыл тармактагы адамдарды эмгегине жараша мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоону улантып жатат. Ажо бул ирет маданият тармагындагы белгилүү инсандарды да көз жаздымда калтырган жок. Айтсак, 1994-жылы Эмгек сиңирген артисти наамын алган белгилүү куудул, актёр Күмөндөр Абыловго Кыргыз Эл артисти,  А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын белгилүү ырчысы, узак жылдардан бери опера жана эстрада жаатында эмгектенип келаткан Айбек Саралаевге, аны менен бирге ошол эле театрды эмгектенген, балерина Асел Айдаровага, белгилүү эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевге, Гүлзинат Суранчиевага КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын берүү боюнча жарылыкка кол койду. Чынын айтыш керек, маданият жаатындагы бул инсандар сыйлыкты туура алышты. Мурун алышкан жаш ырчылардай болуп, «парашют» менен асмандан түшө калышкан жок. Сыйлыктарыңар кут болсун! Чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here