Дабагерлерди түйшөлтүп, ойлонуусун талап кылган белгилердин бири баштын айлануусу болуп эсептелет. “Айлан-көчөк” атып,  атракциондо  ойногон жаштык кездеги баштын айлануусу күлкү менен коштолуп, жагымдуу сезимди жаратса, улгайып калган адамдардын башы айланса коркунуч жаратаары айтпаса деле түшүнүктүү деңизчи. Дегеле баштын айлануусу субъективдүү сезим катарында жагымсыз экендигин ар бир эле адам турмушунда сезип, билип  көрсө керек.

Баштын айлануусу: көрүү системасы, вестибулярдык аппарат, дененин жерди бут аркылуу сезиши, угуу сезими менен байланыштуу.

Баш айланууну пайда кылган факторлор:

  1. Перифериялык вестибулярдык себеп;
  2. Дененин сезимталдыгынын начарлашы (көрүү, угуу, жерди сезүү);
  3. Психогендик себеп;
  4. Мээ сөңгөгүндөгү  кан айлануунун  начарлашы;
  5. Мээнин бөлөк оорулары (мээ шишиги, суук тийүүсү ж.б. ушул сыяктуулар);
  6. Кан-тамыр жүрөк оорусу (жүрөк аритмиясы ж.б ушул сыяктуулар).

Баш айланууну 2 клиникалык типке бөлсөк болот.

Системдик же вестибулярдык баш айлануу. Мындай абалда тегеректеги курчап турган нерселер   “айлан-көчөк” болуп, айлана баштайт.  Көпчүлүк учурда адамдын кускусу келип, кээде кусуп, тең салмактуулугун жоготот. Вестубулярдык аппарат жөнүндө жөнөкөйлөтүп айтсак, кулактын сөөгүндөгү анын жарты тегерек каналчалары ар дайым ичиндеги суюктугу менен адамдын тең салмактуулугун сактап турат. Мисалы адам жантайса суюктук жантаят, ары-бери басканда басышына жараша кыймылдап турат. Эми элестетип көрүңүз, ошол суюктуктун ичинде кыпындай кумдун пайда болушун. Муну биз “вестибулолитиаз” деп коебуз. Ал эми вестибулярдык аппаратка кан жетпей, зат алмашуусу өзгөрсө  вестибулопатия деп аталат. Ушундай өзгөрүүлөрдөн пайда болгон  системдик баш айлануунуну ЛОР (кулак-мурун,тамак) дабагерлери дарылайт.

Системдик эмес баш айлануу

1.Эс- учун жоготуунун алдындагы баш айлануу.

Мындай учурда оорулуу темтеңдеп, көзү караңгылашып өзүн жаман сезип, башы айлангансып кетет.

2.Психогендик баш айлануу. Бул учурда көзүн бозомтук басып, мас болгонсуп, жүрөгү айлангансып кетет.

  1. Тең салмактуулукту жоготуу. Мындай абал өнөкөт вестибулярдык өзгөрүүдөн пайда болот. Жерди сезүү начарлап, караңгыда буттары чалыштап, кулагынын угуусу мурдагыдай болбой калат.

    Системдик баш айлануу

Клиникалык невролог-дабагерлерге көбүнчөсүн моюн-омурткасынын остеохондрозу, моюн-омуртка аралык грыжасы менен кайрылган оорулардан, вертебро-базилярдык системага кан жетпей калуусу көп көйгөй жаратат. Талдап айтканда моюн-омуртка арасынан эки эгиз  омуртка кан тамырлары өтөт. Жогоруда аталган остеохондроз же диска грыжасы моюн кан тамырларын кысып,  баш айлангандарды, улгайган адамдардан байкоого болот. Элестетип көрсөңүз, баш айланган адамдын мойну талып жатса, арка-мойну ооруса, башын бурганда баш айлануусу күчөп кетсе өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Ушундай вертебро-вазилярдык системага кан жетпөөдөн инсульт оорусу келип чыгышы мүмкүн.

“Омуртка-базилярдык  бассейндеги” транзитордук ишемиялык атака (убактылуу кан жетпей калуу) капыстан пайда болуп, бир нече минутага созулат. Мындай приступ кускуну келтирип, кусуу менен коштолот. Ушул учурда адам темтеңдеп баса албай калышы мүмкүн.

Координация жоготуу абалы кара куш мээсинин инфарктында дагы байкалат.

Системдик баш айланууну пайда кылган дагы бир оору, бул “коркунучу жок позициялык баш айлануу пристубу” (КПБП).  Мындай оору кулакка суук тийгенден, баштын травмасынан, кулактын лабиринтиндеги инфаркттан пайда болот. КПБП менен жашы улгайып 60-70ке чыккан аял кишилер көбүрөөк кайрылышат. Булар башын катуу бурганда же тура калганда баш айлануусу 1 минутага чейин созулуп, темтеңдегени байкалат. Вестиблярдык аппаратта “кыпын” (вестибулолитиаз) пайда болсо дагы КПБП сыяктуу баш айлануу пайда болот. Башы айлануусу басылбаган мындай бейтапты ары-бери которуп жаткырып, өзгөчө көнүгүү менен эс алдыра алабыз .

Системдик баш айланууну пайда кылган кийинки оору бул “Меньера оорусу”.

Бул ооруда системдик баш айлануу эпизод (кайра-кайра  кайталануу) түрүндө болуп, кулактын угуусу начарлап, кулак кысылгансып, шуулдап, оорулуунун кускусу келип куса баштайт.

Бир нече минутта баш айлануу күчөп, оорулуу темтеңдеп, баса албай жатып калат. Жакшы жери, бир нече сааттан кийин баш  айлануусу акырындап азайып, оорулуу өзүнүн мурдагы калыбына келе баштайт.

Меньера оорусу суук тийүүдөн, травмадан же катуу жарылуу үнүнөн, кулактын тарсылдак жаргагына доо кеткенде же кулактын лабиринтинде басым көбөйгөндө пайда болот.

Системдик эмес баш айлануу

Башым айланып жатат деп бизге кайрылган бейтаптардын психотерапиялык маек учурунда анын психо-эмоционалдык стресске кабылып, көңүлү чөгүшүн (депрессияны) байкоо менен катар, седативдик дарылоодон баш айланганы кете баштаганын байкайбыз. Мындай “психогендик баш айлануу” чечилбеген көйгөйдөн чыккан нервдин чыңалуусунан же кутула албаган жабышма ойдон кийин пайда болгонун психотерапевт дабагерлер белгилешет. Эң кызык жери, кээ бир сезимтал бейтаптар башы айланууну өзүнө кабыл алып, аны күтүп, коркунучу күчөгөн учурлар дагы кездешет.

Мындай истерикалык акцентуациядагы өзүнө ишенбеген адамдар, психологиялык тең салмактуулугун жоготуп, башым айланып жатат деп арыздана беришет. Өзүнө-өзү ишенбеген, эмоцияга алдырган, жогоруда көрсөтүлгөн бейтаптарга психотерапевдин маегинен өтөөр даба жок.

Дагы бир системдик эмес баш айлануу буттун муундарынын, булчуңдарынын тереңдиктеги сезими жоголгондо байкалат. Мындай бейтаптар караңгыда баса албай темтеңдеп калышат.

Системдик эмес баш айлануу Паркинсон оорусунда, мээнин ичиндеги басым көбөйгөндө, эпилепсияга каршы дары-дармектерди жана психотроптук дарыларды ашыкча колдонгондо пайда болот.

Баш айланууну дарылоо;

Заманыбыздын  талабына ылайык кеңири колдонулуп жаткан магниттик – резонанстык томография (МРТ), компьютердик томография (КТ) изилдөөсү мээнин ичиндеги жана моюн омурткасынын органикалык патологиясын тапканга зор салымын кошуп жатат. Ал эми допплерография аппараты  болсо мээнин, моюндун, кан тамырларынын абалын  толук көрсөтө алат.

Баш айлануу себебин тапканга ЛОР (кулак,    мурун, тамак) дабагерлери, офтальмолог (көз догдуру) өздөрүнүн жардамын бере алышат.

Негизинен башы айланып кыйналгандар биринчи кезекте үй-бүлөлүк дабагерлерге же адис неврологдорго кайрылышат. Тажрыйбалуу клиникалык неврологдор мындай кыйналып жаткан ооруларды ар түрдүү адистерге жиберип же кымбат изилдөөлөрдү сунуштап убара кылбаганга аракет кылышат. Так жана ишенимдүү диагноз коюлгандан кийин,  оорунун себебине карата дарылоо жүргүзүлөт.

Баш айланууну кетирүү үчүн негизги багытыбыз:

1 . Мээнин, анын ичинен кара куштун, мээ сөңгөгүнүн кан айлануусун жакшыртуу;

  1. Вестебулярдык аппараттын кан айлануусун жана иштөөсүн бир калыпка келтирүү;
  2. Заманбап, баш айланууну кетирүүчү атайын дары-дармекттерди колдонуу;
  3. Мээнин кан тамыр инфарктынын алдын алуу үчүн аспирин сыяктуу дары-дармектерди регулярдуу колдонуу;
  4. Мээни эс алдыруучу седативдик дары-дармектерди психогендик баш айланууда колдонуу;
  5. Моюн омурткасынын патологиясын (остеохондроз, диска грыжасы) комплексттик дарылоо;
  6. Жашы өтүп, улгайып калган адамдардын кан тамыр атеросклероз оорусун алдын алып дарылоо ж.б. ушул сыяктуулар.

Сиздер   бул макаладан түшүнгөндөй, башыңыз айланып кыйналсаңыз, ар түрдүү керексиз дары-дармектерди ичүүдөн алыс болуңуз.  Сиздин көйгөйүңүздү чечүү үчүн атайын билими бар, адис-дабагер неврологдорго кайрылганыңыз оң. Өз учурундагы такталган диагноз оорунун себебине жараша комплексттик дарылоо сиздин башыңыздын айлануусун толук кетирүүгө өбөлгө түзөт.

       Чыгыш медицинасы боюнча адис-дабагер    невролог Темирбек Бекбоев

Булак: Фабула

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here