***

Смс Даниярдан келиптир. «Мен Данияр» деген сөздү окуп. Жүрөгүм бир заматта аңтарылып кеткендей болду. Ал мени түрмөгө келип кетишимди суранып, түрмөнүн дарегин жазып, «Жооп күтөм» дептир. Мен бир саамга ойлоно калдым да,  бара турганымды билдирип жооп жөнөттүм. Ал түнү таң атканча кирпик каккан жокмун…

Таңга маал туруп, жуунуп таарынып, жакшынакай болуп жасанып алдым. Өзүмдөгү бар болгон акчамды алып, эми үйдөн акырын чыгып кетейин деп жатсам, апам өз бөлмөсүнөн чыгып калды. Ал мага суроо узатпастан, таң калуу менен карап калды. Мен эмне деп жооп береримди билбей, бир аз буйдалып, апама басып келип, эркелей бетинен өөп:

-Апа мен дос кызым Айгүлдүн үйүнө барат элем. Ал менин эрте келишимди суранган. Экөөбүз бүгүн иш боюча Республикалык ооруканга барат элек. Мен сизге түндө айтам деп унутуп калыптырмын. Мен бара берейин – дедим мукактана сүйлөп…

Апам мени сынай карап:

-Ал жактагы ишиңер бүтпөй койду го. Буга чейин эле бир канча ирет барып келбедиңер беле. Дагы барасыңарбы? Мейлиң барып кел, бирок эрте кел кызым – деп узатып кала берди.

Мен үйдөн чыккандан кийин апама калп айтып койгонум үчүн өзүмдү бир аз жемелеп алдым. Бирок чындыкты кантип айтат элем. Апам мени ошол Данияр жаткан түрмөгө эч качан жибермек эмес. Мен жаңы вокзалга келип, бир нече адам менен Петровкага жөнөдүм. Жолдо барганча Данияр менен кат жазышып бардым. Данияр мага кызык нерселерди жазып, чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирип турду. Бир нече саат дегенде мен олтурган такси Петровкадагы түрмөгө жете келди. Кандай гана түрмө болбосун, түрү жаман, өзүнчө сүрү, анан калса, терс энергиясы бардай сезилет эмеспи. Айтор, түрмө түбүнө жете келгенде денемди майда калтырак басып, өзүмдү жаман сезип кеттим. Анан калса, Даниярга жолукпай эле, кайра күтүп турган такси менен кетким келип кетти. Бирок Даниярды көрбөй кетип калууга кудуретим жетпеди. Мен эркинен ажыратылган адамдар менен жолуга турган атайы жайга келдим.  Он мүнөттөн кийин Даниярды алып келишти. Аны көрүп, өзүмдү кармана албай көзүмдөн жаш тегеренип кетти. Ал өңүнөн азып, купкуу боло түшүптүр. Көздөрү муңга толгону дароо эле байкалып турат. Экөөбүз бир нече мүнөт кучакташып турдук. Мен анын кучагында  дагы да жашып, муун –жүүнүм бошой түштү. Данияр башымды жогору көтөрүп: көз жашымды  аарчып, сөз баштады:

-Асылзат, сен мен үчүн мынчалык кайгырба. Кайгыра берсең, пайда жок. Ден соолугуңа зыяны тийет. Мен сага баары жакшы болот деп айтпадым беле. Жакында көрөсүң, Кудай буйруса, баары жакшы болот! Мен эки күн мурун жагымдуу кабар алдым. Президент быйылкы мамлекеттеги маанилүү маараке, даталарга карата түрмөдө жаткан  миңден ашык адамга мунапыс  берүү боюча жарлыкка кол коюптур. Ал мунапыска биринчи кезекте сатьялары жеңил, биринчи жолу жана беш жылга чейин соттолгондор илинет экен. Менин адвокатым кагаздарымды даярдап баштады. Кудай буйруса, мен да мунапыс менен ашып кетсе, 2-3 айдын аралыгында чыгып калам- деп мени эрдимден өөп, өзүнө тартып бекем кысып койду. Мен анын бул сөздөрүн угуп, кубанычыма чек жок болду. Сүйүнгөнүмдөн  Даниярдын жүзүн өпкүлөп жибердим.

-Кудайым, ай «Ак ийилет, бирок сынбайт» — деген ушул турбайбы. Эки ай эртерээк өтүп эркиндикке чыгып келсең экен. Биз сени күтүп алабыз чыдамсыздык менен.

-Туура, мен кичине кайгыга алдырып, ушул жаман окуяга туш болуп калдым. Болбосо, эркектин баары эле мушташып, дээрлик баары эле жакшынакай жүрүшпөйбү, көпчүлүгү дейличи.  Мушташтан жабыркагандар эртеси эркекче сүйлөшүп алышат. Бирок  биз менен мушташкандар эркекчилик кылбай кетти. Көрсө, атасынын «балашкасы» турбайбы. Адвокатым, баарын изилдеп, мени кетирген атасынын ишине, баласынын ден-соолугуна да көз салып жатат.

-Анан, ал боюнча  биз уга элек дагы жакшы жаңылык барбы?

-Ооба, мушташтан башы, көзү, бели  олуттуу  жабыр тартты деген бала куландан соо болуп эле айыгып калыптыр дейт.

Мен бул сөзгө негедир ишенбегенсип кеттим. Данияр менин оюмду окуп аткансып

-Ишенсек болот – деди. Андан  ары сөзүн улап:

-Ал баланын көзү, бели эч нерсе деле болбоптур дейт. Болгону башы бир аз чайкалса керек. Атасы доктурларга ошондой диагноз менен жаздырып алган экен. Биз мунун баарын тактап жатабы

-Жакшы экен. Абдан жакшы кабарың бар экен Данияр, мени кубантып койдуң.

-Кыскасы, ушундай Асылзат. Эми айтчы, сенин Уланың кандай жүрөт?- деп мага суроолуу карады.

Мен андан мындай сөздү укканда тырчый түштүм.

-«Сенин» деген сөзүңдү кандай түшүнсөм болот Данияр? Мен эч качан Уландыкы эмесмин жана болгум да келбейт. Мен сендик болгум келет, сендик бойдон калсам арманы жок – дедим.

-Аныңды мен билем, Асылзат. Андай болсо атакең каршы болот. Ал жан досунун арбагын тебелеп кетпейт. Улан да сенин атаңдын айтканынан чыкпайт. Мен да аларга катуу сөз айта албайм….

-Улан Россиядан качан келери белгисиз. Ал мага анда-санда эле кабарын билгизип жатат. Иши абдан көп болуп алаксып атса керек го. Мен болсо ага өзүм жазбайм да, чалбайм дагы.

Экөөбүздүн сөзүбүздү түрмө кайтаргандар бузду:

-Маткеримов! Убакыт бүттү.

Экөөбүз баштаган темабыздын аягына чыга албай калдык. Данияр мага дагы кандай сөздөрдү айтат эле, ошол кызык болчу мага.

Даниярга мен жанымдагы болгон акчамды берип, сүйөөрүмдү айттым. Ал да сезимин билдирип, менин эринимеден өпкүлөп, мени коё бергиси келбей турду. Жуп кетип жатканымды:

-Мен сага өзүм байланышып турам. Өзүңдү карап, жакшы жүр. Мага көп келем деп убара болбо, эми бир айдан кийин келсең болот- деди.

Ошентип, менин ал күнүм, жалаң Даниярга арналды. Үйгө кубанычтуу келдим. Апам неге мынча кубанып жатканыма таңыркай карап, акырын сырымды чегип сурады. Бирок мен Данияр жөнүндө айтпай койдум. Эми Данияр менен жолуга турган эмки айдын ушул күнү зарыгып күтө баштадым. Уланды унутуп бараткандай, көп деле эстебей калдым.

***

Мен зарыгып күткөн күн келди. Ушул бир айдын өтүшү мага укмуш узак болуп кетти. Болжогон күнү Данияр жаткан түрмөгө шашылып келдим. Данияр мурунку айга карганда бул жолу өзүнө келе түшкөндөй көрүндү. Мен ичимден «түрмөнүн шартына көнө түшсө керек» — деп койдум. Ал мени укмуш сагыныптыр. Мен ага алып келген тамак-ашымды алып чыгып, экөөбүз шашпай түштөнүп, көп сөздөрдү сүйлөштүк. Тамактанып болгон соң, ал мени кыса кучактап, эч коё бербей, берилип өпкүлөп баштады. Мен анын бул аракетине анчалык каршы деле болгон жокмун. Данияр мени өпкүлөп эле тим болгон жок,  өзүн кармана албай калдыбы, айтор менин да дене-боюмду да кыйла балкытып жиберди. Дене-бой махабаттын кумарына болушунча балкыса, өзүңдү кармап калуу кыйынга турат окшойт. Данияр мени эзип жиберди.  Канча каршы болсом да, кийимдеримди чечип жиберди…

(Уландысы бар)

Автор: Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here