Бут шишисе алманын кабыгын кайнатып ичиӊиз

Алмалардын кабыгын кургатуу керек. Сорту, өӊү мааниге ээ эмес. Бир кочуш кабыкты тазалап, жууп алабыз. Анан үстүнө 1 литр кайнак суу куюп, 30 мүнөт демдейбиз. Суюк дары бир күндө ичилип түгөтүлөт.

Көз үчүн…

Көздүн жакшы көрүүсү үчүн 1 стакандан сабиз ширесин иче жүрүү сунушталат. Мындан тышкары, кызыл же сары -кызгылт өӊдөгү жашылчалардан жасалган салаттарды жеген да жакшы жардам берет. Эгер көз сезгенип, ачышуу же жаш агуу пайда болсо, анда картошканы сүргүчтөн өткөрүп, дакиге ороп, көзгө компресс жасоо керек. Картошканын ордуна алма же бадыраң колдонулса болот.

Тынч уйкуну кааласаныз…

Сары баш гүлдөн (иван -чай)1аш кашык алып, үстүнө 0,5 литр суу куюп, отко коебуз. Кайнап чыккандан соӊ дагы 3-5 мүнөт кое туруп, анан оттон чыгарабыз. Бир күндө жарым стакандан 2 маал ичүү сунушталат. Дары суюктуктан уйку калыптанат.

Розмарин кан басымды жөнгө салат

Бул өсүмдүктүн жалбырагы кан айланууну жакшыртып, нерв системасын бекемдейт. Андыктан, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууда жана айыктырууда колдонулат. Аны кан айлануу бузулганда жана артериялык кан басым төмөндөгөндө чай ордуна колдонсо болот. Ал үчүн 2 чай кашык розмаринди 1стакан кайнак сууга салып, 10 мүнөт демдейбиз. Дары чай эртеӊ менен жана түштөн кийин 1 стакандан ичилүүсү шарт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here