Кайда баратасың, кыргыз баласы?

Мындай жийиркеничтүү окуяны жазгандан жийиркенгеним менен көп жылдардан бери жазып эле келатам, эл билсин, ушундан бирдеме алсын… дейсиң да.

Ушул жылдын 22-февралында Бишкек шаарында 60 жаштагы Бурмаш Акматованы өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Анын жанында кичинекей небереси бар экен… Бул жөнүндө бир топ гезитттер жазган.

Бул окуя угулары менен милийса дароо ишке киришип иликтөө-издөө ишин жүргүзө баштайт. Өлгөн аялдын жакындары, аны менен бирге далай адамдар  суралат, ошол тегеректеги үйлөргө, магазинге орнотулган видеолор көрүлөт. Анан ошол иштердин жыйынтыгында Акматованы өлтүргөн канкор жана анын жардамчысы аял кармалат.

Бул ишке байланыштуу аки-чүкүнүн баарын айтып олтурбай, негизинен баян кылалы… Өлгөн Бурмаш Акматова менен Майрамгүл Абдрасулова экөө инситутта чогуу окушкан экен. Андан соң далай жыл жакшы теңтуштардан болуп жүрүп, кийин кайсы бир себептер менен таарыныша кетип катышпай калган. Бурмаштын балдары «Дордойдо» соода кылып, жетиштүү жашап, өзү неберелерин багып үйдө олтурчу тура. Майамгүл болсо, милийса күйөөсү менен ажырашып, бирок, аны менен байланышта болуп жүрөт. Күйөөсү Нарын Тукушев 66 жашта, милийсанын ветераны экен… Анан экөө бир күнү  жер тилкесин алып үй салабыз деп толтура акча топтоп жүргөн Бурмашты тономой болуп план курушат…

Милийсанын иликтөөсүндө момундай окуя болот: 22-февраль күнү Бурмаш Акматованын үйүнүн жанына «Мицубиси Дион» машинасы токтоп, жүргүнчү отурчу жагынан бир эркек түшөт. Машина  ошол жерде беш мүнөттөй токтоп, анан алдыга жъръп «Ткани» деген дүкөндүн жанына токтойт да, андан соң бутунан сылтыган аял түшүп дүкөнгө кирет. Аял ал жерде төрт жарым мүнөт болот да кайра чыгып машинага олтурат. Дал ошол мезгилде Акматованын үйүнө кирип кеткен эркек чыгып шаша басып машинанын арткы орундугуна олтурат. Анын колунда сумка бар болчу. Ошентип,  машина зуу коюп кете берет. Ошол жердеги видеокамераларга машинанын номуру түшпөй калат. Андыкан далай «Мицубиси Дион» машиналарын иликтеп көрүп, Абрасулованын машинасына токтолушат…

Тукушев менен Абдрасулова дароо эле шектүү катары кармалып сурак бере баштайт. Эмесе, бул эки айбандын айткандарынан угалы да. Алардын айтымында Тукушев Бурмаш Акматовага үйлөнөм деп чечим чыгарат, аны мурунку аялы Майрамгүл Абдрасулова колдойт. Ошентип, Тукушев Акматовага барып, оюн айтса, тигил караманча каршы болуп, а турсун жаман сөздөр менен тилдеп, бир килейген сумка менен башты көздөй уруп калат. Тукушев ал соккудан араң дегенде буйтап үлгүрөт. Анан жини келгенинен чөнтөгүндөгү тапанчасын алып чыгып коркутмай болуп, байкоостон атып алат. Ошондо ал карактоо болгон экен деп ойлосун деп бир нерселерди чачып, анан үйдөн качып чыгат… Эч кандай өлтүрөм деген Тукушевдин оюнда болбоптур, кокустан атып алыптыр…

Күнөөкөрдън жогорудагыдай «жомогуна» эч ким ишенмек эмес. Милийса келесоо бекен эмне?!  Биринчиден, 66га чыккан милийса мурунку аялы менен кеңешип, анын мурунку теңтушун алам дейт беле?! Экинчиден, аялдын колун сурап барып, эмне үчүн тапанча салып алган?! Үчүнчүдөн, 60 жаштагы аял килейген сумка менен башка койгонго алы барбы?!  Анан кокустан атылып кеткен тапанчанын огу түз эле башка тийгенин карабайсыңбы?! Аял алам деп келген киши аны менен жок эле дегенде 10-15 мүнөт сүйлөшөт да, аркы-беркиден кеп салып… а бул неме, беш эле мүнөттө атып чыгып жатпайбы… чыкканда  колунда көтөргөн сумка болуп жатпайбы, чоң суммадагы доллар бар да… Анан да Тукушев машина күтүп жатса, капыстан эле мурунку аялы туш келип калыптыр да?!

Иши кылып бул эки айбандын кылмышы даана ачылып, Тукушев күнөөсүн мойнуна алып, берки катын күнөөсүн мойнуна алган жок. Жеткен куу неме көрүнбөйбү! Мына дал ушул жерде соттун туура чечими керек эле. А биздин сот, бул жерде Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев Майрамгүл Абдрасулованы 6 эле жылга кесип жатпайбы.  Өлтүрүүнү экөө пландаган, андай болгондо тиги катын эмнеге аз эле мөөнөт алат?! Тукушев да аз мөөнөт алган. Ойлосоңор, бирөө неберелерин багып, эч кимге зыяны жок, ошол неберелерин эркелеткенден, баккандан рахат алып, бу жарыкчылык ага бейиш болуп көрүнүп, бактылуу жашап жаткан немени кайдагы бир айбан келип атып кетсе… Бул эмне деген шумдук!

Майрамгъл Абдрасулова ушунчалык куу, мыкаачы, көркоо, ташбоор… аял окшоойбу.

Бурмаш Акматованы көмгөндө анын балдары тиги көркоо аялга да кабар айтышат, аны менен энеси катышпай калганына карабастан, кантсе да бир канча жыл теңтуш болуп жүрүшкөн деп адамдык кылышкан го… Тиги желмогуз катын сөөк койгонго келип, анча-мынча көз жаш кылып, мисирейе олтуруп  эт-ашынан жеп, устуканын ороп кетет. Теңтушун өлтүртүп коюп, кантип анын кара ашына тоюнат?! Ушундай желмогуз катын болорун билдиңер беле?! Бул аялды алты жылга кеспей эле «таш бараңга» алып салса, таштарга убал болбойт беле!

Жабыр тарткан тарап тиги желмогуз катындын 6 жылга эле кесилишине нааразы болуп арызданмай болуп жатышат. Ыймандуу судья туш келип калса, мыкаачы аял көп жылга кесилиши мүмкүн.

Кайсы гана нерсе болбосун дүйнөлүк стандарт менен жашайбыз деп жатып ит болуп жатканыбызды өзүбүз да жакшы сезбей жатабыз. Адам укугу дегенди, гендер саясаты дегенди ашкере даңазалап, улутубуздун эч кимге окшобогон мыкты сапаттарын тескери айландырып алдык.  Адам укугу бузулат деп ашынган сепаратист Азимбек Аскаровду бөпөлөп багып жатабыз, адам укугу деп адам өлтүргөн ашынган мыкаачылардын этин кирдетпей, курсагын ачырбай багып жатабыз. Ал эми гендер саясаты деп жатып далай аялдарды «айгыр» кылып да бүттүк! Айланайындар, дүйнө элдери менен тең кадам таштайбыз деп жатып кыргыздын далай асыл сапаттары «энесинин көчүгүн чукуп ойногондордукуна» айланып кетип жатпайбызбы! Батыш тараптан келген далай жосундарды бир замандын акыркы мыкты жактары катары «ревизиясыз» кабыл алып, дүңү менен өзүбүздүкү кылып, анын натыйжасында  улуттук өзгөчүлүктөрүбүз, ооба, жакшы өзгөчөлүктөрүбүз жоголуп жатат… Ар кандай Эл аралык жоболордун, финансылык жардамдардын аркасында, бир сөз менен айтканда, кысымдын аркасында адегенде өлүм жазасына мораторий жарыяладык, андан соң Конституциябызга жазылып мыйзам болуп калды. Өлүм жазасы дүйнөдөгү эң кубаттуу эки мамлекетте- Америка менен Кытайда бар да  кибиреген бизде жок. Эмне, тиги биринин калкы 300 миллионго чукул, экинчисиники- 1,5 миллиарддай калкы бар мамлекеттерде гумандуулук деген жок, 6 млн эли бар биз гумандуу экенбиз да! Бул былжырактык! Тез арада өлүм жазасын киргизүү керек. Эй, ойлоп көргүлөчү, кайсы бир мыкаачы күнөөсүз адамды кыйнап, анан бычактап өлтүрүп, алчусун алып кетти. А милийса болсо, аны кармап, кенедей да этин оорутпай кармап, гумандуу болуп, анан аны ондогон жылдар же өмүр бою ак шейшепке чулгай багып, тамагынан кенедей да өксүтпөй, денесин кычыштырбай мончого салып… бул деген айбанчылыктын жеткен чегидир!.. Бул деген өлгөн адамдын жакындарын шылдыңдоо, басынтуу, кордоо болуп эсептелет! Адам өлтүргөн ашынган бандиттерди кармаганда алар айтат тура: «Ии, кармадыңар анан… Өлтүрө албайсыңар, жашоо деген түрмөдө да жашоо…» деп мыйыгынан күлүп, шылдың кылат тура! Бул айбан дал ошол жерден атылыш керек эмес беле!

Баратбай АРАКЕЕВ  

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here