Өткөн жумада өкмөттүн жол коопсуздугу боюнча өткөн кеңири жыйынында 1-9-ноябрь аралыгында орун алган 208 жол кырсыгынан 42 адам каза таап,  321 киши ар кандай денгээлде жаракаттарды алышканы маалым болду.   Патрулдук милициянын маалыматында 2017-жылдын башынан бери жалпысынан  беш миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесептинен өмүрү кыйылган адамдардын саны 695ке, ал эми жараат алган адамдардын саны 7800ден ашкан.

Мына сага, жол кырсыгынан кыргыздар согуштагыдай эле кырылып жатканы эмей, эмне? Деги эле акыркы убактарда жакшы  жаңылыктар азайып, жагымсыз жаңылыктар абдан көбөйүп, андайлар улам өчөшкөнсүп, күчөп баратат.  Телеканалдардан, сандаган сайттардан, күркөлөрдүн кермесине кербендей чубалжып тизилген гезиттерден,  кайсы бирин угарыңды билбеген радиолордон, бир да адам жашоосун ансыз элестете албай бараткан түрлүү соцсеттерден, айтор маалымат таратуучу баардык каражаттардын баары эле кашайып жол кырсыктарына байланыштуу суу кабарды кабыргасынан козгоп, коомчулуктун үрөйүн учуруп, үмүтүнө суу сепчү болду.

Эмнеге? Эмнеге болмок эле. Кыргызстан акыркы убактарда журналист депутат Рыскелди Момбеков айтмакчы Кырсыкстанга айланып кетти. Күн сайын  бейкүнөө адамдардын өлүмү. Аз да эмес.  Күн сайын арбын өлүм. Машине айдагандан, машине жолдон жүргөндөн коркуп, алаңдаган адамдар  абдан көбөйдү. Бирок антейин десең, Кудайды карабагандар деле толтура. Чоң жолдордо жалгыз өзү бараткансып, тим эле өлүп бараткансып ушунчалык эрежелерди бузуп айдашат. Катуу айдагандын, жол эрежесин одоно бузгандын арты оң болчу беле…

Өкмөттүн аракетинен майнап чыгабы?

Өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, анын ордуна Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү боюнча токтомго кол койду. “Орун алмашуудан сумма” өзгөрбөйт” – дечү эле, муну менен эмне өзгөрөт болду экен? Ошондой эле ИИМ министри Улан Исраиловго тез аранын ичинде  сынакты негизинде таза милиция кызматкерлерин ишке кабыл алуу милдети жүктөдү. Ал эми Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага республика боюнча автомектептерди катуу текшерип чыгууну тапшырды. Баса, автомектеп демекчи, кичинекей Кыргызстанда 223 автомектеп бар экен. Дээрлик басымдуусу жеке менчиктер.  Эми бул көрүнүштү абсурд деп койсо болот. Бул мектептердин дээрлик көбү негизги талапка жооп бербеси,  жөн гаан коммерциялык уюмдар экени бештен белгилүү. Эгер тааныш билиштикти, акча алмайды, кыргызчылыкты  коюп, бул мектептерди катуу текшерүүгө алса, анда жарымынан көбү жабылары турган иш. Акча берип аке-жакелегендер, жогору жакта танышы бар “танкалар” кала берет, баягыдай эле сапат маселесин уруп ойнобой. Жабылса экен, анткени дал ушул айдоочулук күбөлүктөрдү эптеп эле акчага саткан ушул мектептер анын кожоюндары жол кырсыктардын көбөйүшүнө чоң салым кошуп жатышат. Буга да дали бар. Эмнеге дегенде, бардык жүз берип, каттоого алынып жаткан жол кырсыктардын 70-80 пайызы тажрыйбасы жок жаш айдоочуларга, мындайча айтканда айдоочулук күбөлүктү окубай эле, же чала-бучук окуп сатып алгандарга таандык болуп эсептелет. Акча жасап, жоопкерчилики сезбей кутуруп жаткан автомектептердин далайын жабуу мезгилдин талабы болуп турат

Ар бир адам жоокерчиликти сезе билсе…

Эми өкмөттүн жол кырсыктарын азайтуу боюнча жасап баштаган мына ушул сыяктуу аракеттеринен канчалык деңгээлде майнап чыгат, аны убакыт көрсөтөөр. Бирок бардык маселени өкмөткө шылтап, бул маселеге өзүбүз кайдыгер карабашыбыз зарыл. Себеби, айдоочулардын 80-90 пайызы жоопкерчиликти сезишпейт, дагы бир 50-60 пайызы жол эрежесин дээрлик билишпейт. Кеп айдоочуларда гана эмес, бардык адамдарда болуп калды. Жөө жүргүнчүлөрдө да кеп бар. Анткени, азыр машинелерди сүзө качырып ыксыз жерен жол талашкандар көбөйдү. Андай “сүзөнөктөрдүн” айынан да  көп учурда да жол кырсыктарына жол ачылып жатканы ырас.

Анан калса, Кыргызстанда барган сайын машиналардын саны көбөйүп баратат. Кудай кут кылсын дейли, ар бир үйдө болбосо да, экинин биринде бирден — экиден машина бар. Ал эми Кыргызстанда расмий каттоого турган  машиналардин саны 500 миңдин тегереги болсо, катталбагандарын кошкондо миллиондун тегереги болот.  Машинанын көптүгү да жол кырсыктарынын көбөйүшүнө түздөн-түз таасир берип жаткан факторлордун бири экени талашсыз.

Кыргызстандын, айрыкча борбор шаарыбыздын борбордук көчөлөрү 1960-жылдаран тарта  салынып баштаган. Бирок океңдер кыргыздар, кыргыз элинин саны   ошол 60-жылдардагыдай болуп  тура берет, көбөйбөйт деп ойлошконбу, айтор Бишкектин бир топ көчөлөрүн чоң кишинин көчүгү араң айлана тургандай кылып тар салышкан. Расмий маалыматка таянсак, Бишкектин көчөлөрү болгону 50-60 миң машинага эсептелгени айтылат.  Андан 50 -60 жылдан ашуун мезгил өттү. Бишкекте каттоого турган жана бул шаарыбызга кирип чыккан машиналардын саны бери жагы жарым миллиондон ашат. Эми машиналардан бузулуп, таш талканы чыгып жаткан экология маселесин айтпай эле туралы.

Куралсыз согуштай болуп кууратып жатпайбы…

Деги Кыргызстанда жол кырсыктары азаябы? Же ансыз да аз кыргыз, кандуу жолдордон ушинтип кырыла береби? Буга чейин Кыргызстанда күнүгө жол кырсыганан 3 адам каза таап келсе, акыркы айларда 3 адам 5-6 адамга чейин өсүп кетти. Кан күйүп, бир нече жылдан бери согуш жүрүп жаткан  Сирияда деле  күн  (кээ бир учурларда гана топ адам набыт кетпесе)сайын 5-6 адам өлөбөйт. Бул бир далил. Дагы бир далилдүү мисалды айталы. Маселен, СССР доорунда, тагырагы 1979-1989-жылдарга чейин СССР  Ооганстандагы согушка  автор катары, активдүү катышты. Ал кан күйгөн, Кудайдын каарына калган жерде союздук 15 мамлекеттен миңдеген кырчындай жигиттер барып, от кечишкен. Биздин Кыргызстандан 7 миңдин тегерегиндеги жоокер катышып, анын ичинен 10 жыл ичинде 250дөн ашуун жоокер набыт кетип, 1500дөй жоокер ар кандай деңгээлде жараат алган. Мына он жылга созулган согушта да мынча көп адам өлгөн эмес. Согуштун бетин нары кылсын дейли, бирок биздеги жол кырсыктары куралсыз куураткан согушту элестетип жатпайбы. Ошондуктан, бир айласын табалы. Эбин таап элибизди сактайлы. Өкмөт бул ишти жайгарат деп жайбаракат жүрө бербейли. Ар бир айдоочу, ар бир машине ажал алып келүүч экенин эстен чыгарбайлы. Жол кырсыктарын кескин түрдө азайтканга бар аракетибизди жасайлы. Кырсык каш-кабактын ортосунда. Ошол каш-кабагыбыз, калкыбыз менен аман бололу. Жаратканыбыз бизге жар болуп, жалпыбыздын жашообузду жаркын кылып, алтын башыбыз аман болсун!

Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here