…Айла жок. Тагдырдын башка салганына көнүп бердим. Русландан эки бирдей балам болгон соң, аларды атасынын тирүүлөй ажыратмак белем. Же ажырашып, эки балам менен кимге тийет элем. Эки баласы менен эрден чыккан келинди эле керемет жигиттер күтүп турат дейт… Мен Русладын талабына макул болгондон башка аргам калбады. Бир жума катуу туталанып, ыйлап жүрдүм. Апам жанымды койбой жатып, баарын айттырып алды. Ал абдан сабырдуу жана акылдуу аял эле. Ошондон уламбы, айтор ызы-чуу кылган жок. Апам бир ооз гана: Атаңа бул тууралу унчукпай тур.  Башка салганды азырынча көтөрүү керек. Мончоктой эки балаң турат. Калганын дагы байкаштырабыз кызым”- деп  айтты. Чынында мен апамдан мындан башка сөз күткөм. Айтпады. Айтпаса эмне кылам, балким апамдын да бир билгени бар чыгаар. Канткен менен апамдын мага караганда турмуштук тажрыйбасы мол эмеспи.

Ошентип, бир заматта Руслан айтмакчы байбиче болуп калдым. О, курган башым жапжаш туруп байбиче болгонум, күйөөмдү кайдагы бир кыз менен бөлүшкөнүм кандай? Менде намысы барбы? Ушундан көрө Русландын колунан өлүп берсем, мага жеңил болот беле? Жок, кайдагыны тантырап айтып жатам, өлгөндүн өз шору дейт. Мен өлгөндө эки балам жыргамак беле, тескерисинче мусапыр болушуп, наристе кезинен жүрөктөрүндө так калбайбы. Балдардан мурун ушунун баарын ойлой берип, өзүмдү кажып жей берип жүрөгүмө так калды. Русланды мурун катуу сүйсөм, ушул окуядан кийин ага  көз карашым салкындап бараткансыды. Мен аны кечире албайм, кечиргим келген да эмес. Мага такыр келбесин деп ойлогом. Бирок бала деген өзүң ойлобогон, ойдо жок кыйын кырдаалдарда да никелүү жубайларга данакер болуп берет турбайбы. Руслан  балдардын атасы болгон соң, аны такыр чанып, анчалык шартылдап чечкиндүү болуп, кол шилтеп  басып кетүү чынында мен үчүн оор болду. Болоор иш болуп кетти го, жашай туралычы, башка салганын көрө жатарбыз. Балким, Жаратканым менин маңдайыма ушундай тагдырды жазгандыр. Балким, мунун баары мен үчүн сыноодур. Мындай сыноону көтөрө билсем, акыры жүрүп жеңиш меники болоор. Же өзүмдү жеп, сыноого сынып берсем, Теңирден тескери болуп, кийин өкүнүп жүрбөйүн…

***

Байбиче атка конгонума 6 айдан ашты. Бул айларда мен Русландын телефон чалгандарына, жазган каттарына толук кандуу жооп бергеним жок. Болгону балдардын жакшы экенин  айтып, алардын сүрөтүн жиберип турдум.

Руслан  кеч күздө келем деген болчу. Мен аны чындап зарыгып күткөн эмесмин. Бирок ал айткан убагында келди. Болгондо да атам, апам, балдарым болуп чогуу чай  тамак ичип олтурсак, үйгө шарт кирип келсе болобу. Жүрөгүм кабынан бир козголо түштү. Канткен менен күйөөм да. Кубанарымды, же ыйларымды билбей, өзүнчө эле нес боло түштүм. Руслан алгач атам менен учурашты. Атам анын келишине кубанып катуу кабыл алды. Апамдын анчейин кубанганы байкалбады. Андан соң балдарды эзилип жыттап, өзүмчө эле моокуму канып, жыргап жатканын көрүп, менин көзүмдөн ысык жаш мөлт дей түштү. Балдарды жыттап бүткөн соң, мага басып келип, өзүнө имере тартып, бир гана жолу бетимен өөп койду. Ошол өпкөнү мага мурункудай эмес, негедир бир башкача сезилгендей болду. Жандай сүйгөн адамыңа катуу таарынсаң, анын мурун бой балкыта өпкөнү, ысык эрдини муздак боло түшкөнсүйт турбайбы. Руслан атам менен тамак үстүндө жакшы бакылдашып олтурду. Москвадагы иши жакшы жүрүшүп, акчаны жакшы тапканын бир сыйра мактаныч менен айтып өттү. Анан эртең эле машине базарга барып жакшы машине сатып ала турганын баса белгиледи. Мага анын акча жөнүндө айткандары, ала турган машинеси анчалык кызык болгон деле жок.

Апам экөөбүз аны ичибизден жек көрүп, көздүн огу менен атып жаттык. Руслан апамдын баарын билерин туйду окшойт. Айтор, апам экөөбүздөн көзүн ала качып, атам менен балдарга аябай алаксып жаткандай түр кылып жатты. Руслан түнкү саат он бирлерге чейин атам менен сүйлөшүп олтурду. Мен болсо, баарына төшөк салып, кичи баламдын жанындагы өз төшөгүмө чечинбестен эле чүмкөнүп жатып алдым. Русланга ошол эле бөлмөгө өзүнчө төшөк салып койгом. Өзүмдү кыйнап уктап калайын дегенимден жыйынтык чыкпады. Ар нерсени ойлоп, өзгөчө Русланга жиним келип, аны алка — жакадан алып, катуу урушкум келип жатты.  Ошентип, ойлордун оромунда ооналактап жатканымда Русландын бөлмөгө кирип келип, жарыкты күйгүзүп, бир саамга нес болуп туруп калганын көрбөсөм да сезим менен туйдум. Кыязы, ал төшөгү өзүнчө салынып турганын түшүнбөй калса керек. Үндөбөстөн төшөгүн менин төшөгүмдүн түбүнө сүйрөп келип, жарыкты өчүрүп жатып калды. Мен ага сөз баштайын деп, бирок баштабадым. Руслан мага көп нерсени айтат го деп күткөм, бирок ал: “Кайгырба Кылым, баары жакшы болот, мен сени эч кимге кор кылбайм” – деп айтып, жүзүмдөн сүйүп, мойнумдан жыттап, ошол бойдон унчукпай калды. Мен шолоктоп, өпкө-өпкөмө батпай ыйлап, басыла албай жаттым. Руслан менин жашымды улам аарчып, кучагына бекем кысып алды…

***

Руслан эртең менен эрте туруп кетип калыптыр. Мен ага аялындай болуп чогу туруп, чай да берген жокмун. Кечке маал тамак жасап жатсам, биздин үйдүн короосуна көзгө жакшы көрүнгөн жакшы машине кирип келди. Терезеден карасам, Руслан айдап келиптир.  Түндө айтып жатканындай жакшы машине алган экен. Биз  эртеси кайын ата, кайын энемдердикине кеттик. Туугандар болуп машинеге түлө берип, дүйнөбүз толук боло түшкөндөй кубанып калдык. Русланга күн өткөн сайын жибип бараткансыдым. Ал дагы, мен дагы анын экинчи аялы тууралу сөз козгогон жокпуз. Руслан биз менен туура 3 ай жашады. Бул убакыттын ичинде мага машине айдаганды үйрөттү. Кем –карчыбызды толуктап, сырткы жумуштарын баарын бүткөрүп, кеч күздө кайрадан Москвага кетип калды. Кайрадан жалгыз жашоо, жалгыз төшөк, кыжаалат ойлордун кучагында калдым…

***

Андан бери эки жарым жылдай убакыт өттү. Руслан Москвада дайыма эле иштечү болуп калды. Ал жарым жылда бир, эки айга келип, кайра кетип калганды адатка айлантып алды. Биз да анын мындай иш тартибине көнүп калдык. Өзүнүн айтуусуна караганда Москвадагы мыкты деген курулуш компаниясына прораб болуп орношуп, Кыргызстандан кыйла балдарды алып барып иштетип, айтор иши жакшы жүрүп жатыптыр. Бизди эч нерседен кем кылган жок. Үйлөргө да  көз салып, курулушчуларды жалдап четинен оңдоп-түзөтүп жатты. Өзүнүн-ата-энесине да, менин ата-энеме да жардамын берип, акчага байланыштуу бардык маселелерди чечип  турду. Биз эки үй-бүлө акча керек болсо эле Русланга айтабыз. А мен болсо, кайын атамдар менен өз ата-энемдин үйүндө каалагандай жүрчү болдум. Буга эки  үйдүн аралыгынын жакындыгы себеп болду окшойт. Албетте, көбүнчө кайын-атамдар менен болом. Русладын машинесин зарыл болгон учурда эле айдайм. Болбосо көбүнчө кайын атам айдайт. Балдарым билинбей эле чоңоё баштады. Баса, үчүнчү ирет көз жаргам. Эми мага бардык бакыттын баары балдарым болуп калды. Мен Русланды мурункудай катуу сүйө албасам да, аны балдарымын атасы катары терең сыйлайм. Балдар үчүн анчалык жек көрбөй жазылып эле калдым. Көрсө мага бала эле керек окшойт. Энемди тартып, өзгөчө баласак аялдардын бири экенимди эми түшүндүм.

***

Руслан Москвадагы жумушунан бошоп, кезектеги эмгек өргүүсүнө келип, биздин үй бапырап толуп балдарыбыз менен жыргап калдык. Ал балдарына болгон сагынычын тараткандан кийинби, айтор мага  бир жерге конокко барарыбызды айтты. Экөөбүз Бишкектин ичине, тагыраагы ЦУМдун жанында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине келдик. Руслан эшик коңгуроосун басканда, эшикти  менден жашыраак кыз ачты. Экөөбүздүн көздөрүбүз бири-бирибизге кадала түштү. Мен жаземдебей түшүндүм, Руслан мени токолунун үйүнө алып келиптир. Эмнеге? Жүрөгүм кабынан чыкчудай болуп, түрсүлдөп чыкты. Бирок сыр бербегенге аракет кылдым. Русландын экинчиси бизди дасторкон жайып күтүп жаткан экен. Ал бизди төркүл бөлмөгө өткөрүп, чебелектеп чайын бере баштады. Менин жүрөгүм канчалык туйлап жатса да, сүйлөгүм келбей, үнүм буулуп калды. Руслан сөз баштамакчы болуп, олтурган ордунан обдулуп, тамагын жасап калды. Ага чейин анын экинчи жубайына сынамакка көз жибердим. Албетте, мага карганда жаш, мага караганда сулуу экен. Боюда узун, кыймылдары эптүү, жылдыздуу, маңдайы жарык жан экен. Мени сынай карап ойлорумду жыйынтыктай электе. Аркы бөлмөдөн болжолдуу 2 жаштан өтүп калган калган эркек бала Русланды карай “папалап” чуркап чыкты. Ал наристе мен төрөгөн Насирдинге куюп койгондой окшош экен…

(Уландысы бар)

Автор: Айнура Авазбекова

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here