Мектептеги эки бала уруша кетип, анан мушташып, биринин мурду канап, экинчисинин көзү көгөрүп… Мындай балакет болбоспу, мектеп дагы, тигилердин ата-энеси дагы, бүтүндөй айыл дүрбөп… Баягы эки баланы жемелеп олтуруп жерине жеткизип, ата-энелер бир сыйрадан тытышып алган, анан соттошуп, мугалимдер, деректир, завучу менен кошо сөгүш алып… ал окуя бир жылда барып басылып… Ушундай болот.

Ушул окуядан ой чубап олтурсаң, эки адамдын эмес, топ адамдардын, а турсун мамлекеттердин чатактарына чейин жетерсиң. Чыр-чатак, уруш-талаш, согушуу жанагы эки баланыкындай эле жөнөкөй кеп болуп, бүткүл адамзатты бура бастырбай келет экен. Ушунун баары тарбиядан болушу да мүмкүн. Эгерде жанагы согушкан эки баланы кенедейинен антүүгө болбойт деп кулагына куюп тарбияласа, ал эки баланы гана эмес, бардык балдарды ошентип тарбияласа, анда согушмак эмес, оюнда да жок болот эле да. Бүт дүйнө балдары ошондой тарбияланып келсе, анда эч кандай согуштар болбойт эле…

Ооба, адам баласы бир ойду кууп алса, чексиз кете берет, биз да азыр ошентип жатат окшойбуз…  Адам болуп туруп, ошол өзүнүн кылыктарын жакшы түшүнө албаган шордуу экен ошол адам баласы. «Урушкан жаман болот, ал жакшылыкка алып келбейт» деген кептин маанисин адам баласы тили чыккандан баштап билет, бирок, урушканын койбойт, согушканын койбойт. Эмне үчүн андай? Эмне үчүн андай экенин эч ким билбейт. Ошон үчүн өзүнүн баскан жолун тескей албаган адам баласынан өткөн шордуу жок деп жатпайбызбы…

Жогорудагы эки баладай эле мамлекеттер да бири-бири менен согушуп турат, согушпай ошол абалга жакын абалды алып келгендер да бар.  Анткени, ал мамлекеттерди адам башкарат… Жанагы эки секелектин ой жүгүртүүсүнөн ашпаган ою бар адамдар кадимкидей эле бир мамлекетти башкарып турат экен да!  Ооба, дебеске арга жок, ошондой тура…  Назарбаевдин кечээки  кылыгын эсте…

Адам баласынын жашоосунда жаман болот деп тыюу салынган жосундар оголе көп, айталы, ууру кылбаш керек, ушак айтпаш керек, көроокатка жулунбаш керек, ачкөз болбош керек, ачууга алдырбаш керек, коркок болбош керек, бирөөнүкүн уурдабаш керек, бирөөнүн ийгилигин көралбастыкты ташташ керек… ушинтип чубалып кете берет. Ооба, аябай көп нерсеге тыюу салынат. Ошенткен сайын адам баласы «жасабаш керек» дегенди «жасаш керектен» көп жасайт! Бул эмнеси? Бу дагы адам баласынын түшүнө албаган сапаттары… Эгерде адам баласы өзү кабыл алган «жакшы» менен «жамандын» чегинен чыкпай жашаганда, анда эч кандай согуштар, төңкөрүштөр, көтөрүлүштөр чыкмак эмес экен, жер жүзүндө эл батпай кетмек экен. Айталы, Дүйнөлүк экинчи согушта 50 миллиондон ашык адам курман болуптур, алар тирүү болуп көбөйсө канча болмок?! Чыңгызхан канча элди кырган, Аксак Темир канча элди кырган, Римдеги кулдардын көтөрүлүшү, немис варварларынын жортуулдары, 100 жылга созулган англичан менен француз согушу, орус-түрк согуштары, Напалеондун 1812-жылдагы орустарга болгон жортуулу, испандардын Түштүк Америкага жортуулу, англичандардын Индиядагы кыргыны, япондордун Кытайдагы кыргыны, Разин менен Пугачевдун көтөрүлүшү… Үркүндөгү кырылуу,  бугу менен сарбагыш чабышы, жана башка жүздөгөн согуштар канчалаган адамдын өмүрүн алган. Туура экен, ошол согуштар болбогондо Жер шарына эл батпай калмак! Демек, согуштардын болуп турганы да жакшы тура…  Адамзат турмушунун татаалдыгы  ушинтип тантытат-кантип эле согуштардын болгону жакшы болсун!

Жогоруда мушташкан эки баланы ата-энеси, мектеп урушуп, акылын айтып, экинчи урушкустай кылат. Ал эми эки мамлекет урушсачы? Азыр аларды тыйчу бирден-бир уюм-Бириккен улуттар уюму-БУУ. Бул Эл аралык орган мамлекеттер ортосундагы карым-катнашты, ар кандай маселелерди чечип,  чырларды, согуштарды токтотуп турууга аракет кылат. Бирок, кээ бир мамлекеттер БУУнун, анын ичинде Коопсуздук кенешинин чечимдерин угуп да койбойт, уруп ойнобойт деп кыргызчаласак жарашып калат. Мисалы, БУУ Корея элдик демократиялык  республикасына атомдук куралды жасаганыңарды, аны сынаганыңарды токтоткула деп канчадан бери какшап келет. Корея болсо аны тыңшап да койбойт. Ошондай эле Израиль деген мамлекет да БУУнун чечимдерин «жуккан бокчо» көрбөйт! Израиль кенедей мамлекет болгону менен милитаристтик дымагы аябай күч, ал Американын жардамы менен мыкты куралданып алган, еврейлердин дүйнөдө байлары аябай көп, алар Израилге жардам берип турат. Израиль болсо, далай араб жерлерин басып алган, Палестина мамлекетин кыйкым тапса эле баса калат, байма-бай бомбалап турат! «Басып алган жерлерди кайтаргыла» деген БУУнун айткандарына көңүл буруп да койбойт! Кээси менен «кенедей мамлекеттерге тили өтпөгөн мындай БУУнун керегит канча?!» деген суроо да кезеги менен айтыла калат…

Кыргыз империясы, каганаты болгон деп тарыхчылар жакшы айтып келет, анысына макул дейли. Биз билгенден мамлекеттүлүктүн классикалык түрү Римде башталса керек эле… Ошондон жүрүп олтуруп, улам бир жаңылыгы кошулуп олтуруп, мамлекеттин мына бүгүнкү кебетеси келген эмеспи. Мамлекеттин түрлөрү доорго жараша өзгөрүп турду: кул ээлөөчүлүгү бар мамлекеттер болду, крепосттук дыйкандары бар мамлекет болду, анан капиталитсттик, монархиялык мамлекеттер болду, анан элдик, социалисттик мамлекеттер пайда болду… Ошонун баары жалпы элдин купулуна толбой келет…

Кандай мамлекет болбосун бардык элге жаккандай болбойт экен. «Атаганат, кыргыз эли эркин болсо кана» деп нечен жыл ичибизден сызып келип, анан эркиндик алдык.  Эми каалагандай жашамай болдук. Анан ошол эркиндик келгенде, адамдыктын ачкөздүгү биринчи орунга чыгып, ортонуку-элдики дегенди эпсиз-эсепсиз таладык! Эркиндик дегендин өзү «таламай экен го» деп карапайым эл оозун ачып олтуруп калды! Ошол таламайды Акаев, Жумалиев, Жумагулов, Кулов, Талгарбеков, Рустанбеков…  сыяктуулар көзөмөлдөп, өздөрү көзөмөлдөп жатат. Каргаганыбыз батага айланып кеткен го…  Таламай тушунда чириген картөшкө менен улпакка күнү түшкөн эл,  бара-бара аздап тоюнуп жатса, «коррупция» деген желмогузу жыла басып келип, элди ныгыра басты. Басканда да түбөлүк басты окшойт! Олда кокуй ай, коррупцияга каршы күрөш ачып турдук: коррупцияга каршы иштеген мекеме-уюмдар толтура болду. Бирок, иттики, аларың да коррупцияга алдырып коюп олтурбайбы! Тиги коррупционерлер менен  танапташ-табакташ болуп жатпайбы! Курманбек, Жаныш, Акматбек, Марат, Максим Бакиевдер, Ширшов, Елисеев дегендер, анан Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Равшан Сабиров, Равшан Жээнбеков, Исхак Пирматов, Нурлан Сулайманов, Данияр Нарынбаев, Акылбек Жапаров, Дүйшөбаев  сыяктуулар оозу-мурдуна чейин тоюнушту, соттолгону соттолду… Аларыңда уялуу деген сезим болбойт экен, теледен, радиодон, гезиттерден тынбай бирдемелерди айтып, ак болуп, акылман болуп, элге акылан арбын айтып,тфу! Аларың абийири жок немелер болот тура… айласыздан, эл арасында жүрө берсин дейсиң да…

Ооба адам табиятын жакшы түшүнүүгө мүмкүн эмес. Чоң-чоң нерселерди жасайт, анан кичине нерсеге акылы жетпейт… Ооба, адам баласынын   тартибин жакшыртса болот, напсисин тыйса болот… азыркы кыргызыңды эстеп,  ой чубап көрчү, кымбаттуу окурманым…

Автор:   Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here