Чагылган: Деги эле Кыргыстанда кылмыш кылып, ичип -жеген, мамлекеттин мүлкүн сүлүк курттай соргон адамдардын айрымдары гана жаза албаса, көбү суудан кургак чыгып кетишет. Ошондой алдым-жуттумдардын бири экс-министр, экс-депутат Нурлан Сулайманов экени талашсыз. Бул адам канкор Бакиевдин тушунда 2007-жылдын башынан 2010-жылдын апрель окуясына чейин Транспорт жана коммуникация министри болгон. Белгилүү болгондой бул министрлик Кыргызстандагы коррупциянын гүлдөгүн жеринин бири. Сулаймановдун тушунда да далай акчалардын дайыны кумга сиңген суудай болуп чыкпай калды. Билинбегени көп, билингени аз. Ошол билинген иштердин бири бул: Сулайманов министр кезинде 249 млн. 675 миң 600 сомдук суммадагы республикалык бюджеттин эсебинен жол куруучу техникаларын жеткирүү жана жабдууларды пайдаланууда “ДорМашКомплект” ЖЧКсына артыкчылык берүү жана пайда алып келүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жибергени көп жазылып, ал иш боюнча кылмыш да козголгон. Бирок эч нерсе кылбаган, таптаза адамдай болуп, 2010-жылы ЖКга  «Ата-Журт» менен депутат болуп келди. Ошол учурда  Башкы прокуратура бир катар депутаттарга кылмыш иши козголгонун, алардын арасында Нурлан Сулайманов да бар экенин жар салган эле.  Ал иш 206 млн. сом бюджеттик каражатты АУБдун эсебине которууга байланыштуу козголгону айтылган. Бирок  бул иштин кандай абалда экени азыркыга чейин белгисиз. Сулайманов болсо ден-соолугуна шылтап Германияга кире качкан. Анан ошол жакта жүрүп өзүнө байланыштуу иштин баарын бүтүрүп, сүйлөшүп алып келгенби, айтор акыркы учурда президент Атамбаевди катуу мактап, гезиттерге, сайттарга дембе-дем маектерди бере баштады. Буга ким жооп берет? Учурунда ИИМ бул эргулдун изине катуу түштү эле. Азыр ИИМ да, Башкы прокуратура да Сулайманов тууралуу ооздорун талкан сугунуп алгансып эч унчукпай турат.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here