Чагылган: Белгилүү болгондой ЖКдагы «Бир болдун» эки бирдей депутаты Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго быйыл май айында эле кылмыш иши козголгон. Андан бери жарым жылга чукул убакыт өттү. Кылмыш ишинен эмгиче дайын жок. Кыязы, кыскарып, саясаттагы сасык оюндар болуп, боёсу канып кеткен окшобойбу. Президенттик шайлоо учурунда бул эки эргул бийлик үчүн жакшы иштеп, жакшы жардам беришти, миллиондорду чачышты деген кеп тарады эле. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, ошол кеп бекеринен айтылбаса керек. Болбосо, бул эки эргул эмгиче сот ишинде жүрүшөт эле го. Балким, мандаттарынан ажырап, абакта «маслакраттар» катары зектердин баарын жыргатып турушмак беле. Ким билет. Айтор, экөөнүн алган багыты ушул тарапта эле, кыязы ал багытты акчанын күчү менен башка тарапка буруп алышканбы? Андай болушу да толук мүмүн.

Эске сала кетсек,  2009-жылдын 17-июлунда премьер-министр И.Чудиновдун буйругунун негизинде финансы министринин атынан Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду ошол учурдагы мыйзам ченемдерин бузуу менен «МИС» ААКга кант кызылчасынын үстүрүү жана үрөн тазалоо заводун реконструкциялоо максатында 2012-жылдын 31-декабрына чейин кутулат деген жүйөө менен 200 млн сом бөлүп берген.
Буйрукка кол коюлганга чейин Т.Шандецкая аттуу жаран (И.Чудиновдун кайын энеси) «Бишкекстроймонтаж» ЖЧКсынан «МИС» ААКтын 24% акциясын сатып алган. Ошондой эле, «МИС» ААК акцияларына А.Жапаров (мурунку экономика жана каржы министри А.Жапаровдун жубайы) жана башка адамдар ээлик кылып турган.
Андан кийин Каржы минстрлигине караштуу ЭӨМФ эки ирет (2012-2015-жылдары) «МИС» ААК мамлекеттик бюджеттин насыя боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн мыйзамсыз түрдө узарткан.
2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча, Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААКтын карызы 237 млн. 791 мин 75 сомду түзөт. Мындан тышкары, ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча «МИС» ААК 95% акциялары ЖК депутаты А.Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү болуп саналат.
Соттук эксперттин корутундусу боюнча, «МИС» ААК түшкөн республикалык бюджеттин насыялардын 68 млн. 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган.
Бул укук коргоо органдарынын колундагы кылмыш иштин бир эел үзүмү. Мындан башка да быкшып жаткан кылмыштуу иштер эмнегедир ачыкка чыкпай жатат. Ага ким күнөөлүү? Эки эргул качанкыга чейин парламентте элге акыл үйрөтө беришет. Деги Кыргызстан алдым-жуттумдардан тазаланбы, же ошолордун жемине айланып, улам артка кете береби?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here