Улан дагы эле токтобой сүйлөп жатты. Бирок мага акыркы айткан сөздөрү жетиштүү болгондой болуп, негедир кубанып кеттим…

***

Мен Улан менен жолуга албай калдым. Анткени, кайгыга катуу баткандыктанбы, айтор өзүмдү жаман сезип, ооруп калдым. Дары ичип, көңүлүм эч нерсеге чаппай төшөктө беш күн жаттым. Бул күндөрү апам мени телефон менен сүйлөштүргөн жок. Жумушка чыкпай, жанымда болду. Андыктан, 5 күн ичинде мага кимдер чалганын, мени кимдер издегенин билген деле жокмун. Бирок Даниярдын издеп жатканын сезип жаттым…

***

Алтынчы күн дегенде өзүмдү жакшы сезип, үй оокаттарын жасап, кечке маал апам экөөбүз атамдын жакшы көргөн тамагын жасап жатканбыз. Бир кезде апам ордунан туруп, наркы бөлмөгө барып, менин телефонумду алып келип берди. Чынында мен оору менен алек болуп жатып, апамдан телефон деле сураган эмесмин. Даниярды да, Уланды да көп ойлонбой, өзүмдү башка ойлор менен алаксытууга аракет кылып жаткам. Бирок анткен менен болбойт тура, жүрөгүмдөн буга чейин Данияр гана орун алып келсе, атамдын кардуу чечиминен кийин Улан да менин жүрөгүмө баш багып алгандай сезилип турду. Кандай болгон күндө да ата-эне деген ата-эне да. Алардын каалоосун, чечимин кантип аткарбай, өз билгениңди кыла алсың? Эркек бала болсоң да, бир жөн эле. Кыз кишиге кыйын эле экен. Кыздын жолу татаал боло турганы  ушул ак сүйүүдөн улам билип турам.

Арамдын колунан телефонумду алып күйгүздүм. Экраны жанары менен эле, толтура смстер арты-артынан келе баштады. Мен окуй элек смстин саны 200гө чамалаптыр. Анын канчоосу алынбай калган чалуулар үчүн келген смстер экенин билбедим. Айтор, смстин көбү Даниярдыкы экен. Уландан да, смстер келиптир. Данияр мага жазган смстеринде: мен үчүн санаа  тартып жатканын, көп ирет чалганын, абдан сагынганын, ата-энеси, туугандары биздин үйгө, мага сөйкө салууга даярдыкты катуу көрүп жатышканын ж.б. жазыптыр. Баарынан анын бүгүн кечке чейин телефонум жанбаса, үйгө келе турганын жазыптыр. Баарын окуп, менин көзүмдөн жаш куюлуп кетти. Ал эми Уландын смстерин ачып жатканымда, эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Апам маңдайымда эле, ал мени бир карап оор үшкүрүп алды да, эшикти ачканга жөнөдү. Мен атам келди го деп ойлогом. Саатты карадым. Кечки саат жети болуптур. Данияр жети чамасында келерин жазыптыр болчу. «Ага мен эмне деп жооп жазам. Келбе деп айтамбы? Деги ушунча күндөн бери дарек-дайынымды эмне себеп менен билгизбей жатканымды кандайча түшүндүрсөм…» Мына ушундай ойлор менен алек болуп жатканымда  менин жаныма апам менен кошо Улан келип калбаспы. Мен анын келет деп ойлогон эмес  элем. Улан мага тигиле карап:

-Асылзат кандайсың? Сага эмне болду? Ден-соолугуң жакшыбы? Өңүңдөн азып калыпсың- деп абалымды сурады.

Мен аны негедир жактырбагансып:

-Жакшымын. Баары жакшы эле –деп ооз учумдан жооп узаттым. Башка сөз сүйлөгүм деле келген жок. Оюмдун баары Даниярда эле. Аны чындап күтө баштадым. Ал тургай үйгө келерин сезип да тургансыдым. Ал биздин үйдү жакшы билет. Апам менен да жакшы эле тааныш болуп калды эле, атамдын көп учурда жумуштан кеч келерин деги билчү,  андыктан тартынбай эле келе берерине ишендим. Апам тез эле чай даярдап жиберди. Үчөөбүз үн-сөзү жок чай ичип баштаганбыз. Улан бир нерсени айтууга камданып турганы апам экөөбүзгө тең байкалып турду. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу дагы кагылды эле, жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй болуп болкулдай түштү. Данияр келгенин айттырбай сездим да, эшикти көздөй алып-учуп жөнөп калдым. Апам артымдан басты.

Эшикти ача калсам, кучак толгон роза гүлү менен маңдайымда Данияр туруптур. Мен өзүмдү кармана албай калдым. Анын мени менен учурашканын деле уккан жокмун. Денем титиреп, ыйлап жибердим да, Даниярдын мойнуна асылып, кучактап калдым. Апам жаныбызга келип,  экөөбүздү карап, ыйлап жиберчүүдөй ээгин тиштеп турду. Данияр мага түшүнбөгөн көз караш менен карап, жаны калбай абалымды сурай берди. Мен ага эмне демек элем, кантип айтам. Апам турат го, акыры баарын апам айтсын деп ойлодум. Апам Даниярды үйгө  чайга чакырды. Данияр баш тарткан жок. Чай иче турган бөлмөгө кирип, ойго батып олтурган Уланга көзү урунуп, аны менен амандашуудан мурун мени бир жалт карап алды. Билбейм, мен ошол убакта өзүмчө жаман болуп кеттим.

Төртөөбүз унчукпай бирден чыны чай ичтик. Апамдын тамагы бышып калган эле, тамакты чыгарып келип, эки жигитке тамак куйдук…

Ысык тамак үстүндө бизден ысык сөз деле чыккан жок. Мен өзүмдү жанагыдай эле жаман сезип турдум. Анткени, күтүлбөгөн жерден жакынкы арада экөөнүн бирөөсү өмүрлүк жубайым болуп калчу жигиттер минтип маңдайымда олтурушат. Болгондо да биздин үйдө. Ушул учурда, ушул мөнөөттөрдө үйгө атам келип калбаса экен деп тынчым кете баштады. Апам болсо жайбаракат. Анын эч шашылбаган түрүнөн атайы убакытты созуп, атамды күтүп жаткандай сезилип кетти. Бул учурда Улан менен Данияр да жайлуу олтура албай, тынчсызданып, өздөрүн ыңгайсыз сезип жатышканын байкадым. Данияр деги эле менден көзүн алгысы келбейт. Улан болсо, экөөбүздү тең карабоого аракет кылып, апамды кез-кези менен карап жатты. Баарынын ушундай учур жаман турбайбы. Мен өзүмдү Даниярга чыккынчылык кылып жаткандай элестеттим. Балким ал да Улан экөөбүз жөнүндө жаман ойлогондур. Мага ушул учур кылымга созулуп бараткандай эле сезиле баштады эле, акыры апам мен күткөн, Улан күткөн сөздү баштады.

Апамдын эки жигитке айткан сөздөрүнүн баарын айтып убактыңарды албайын. Ал көбүнчө Даниярга түшүндүрүп жаткандай аны карап сүйлөй берди. Данияр апамдын сөздөрү канчалык узарган сайын ошончо өңү бузулуп, мени бир карап, Уланды бир карап эмне кыларын билбей туталанып чыкты. Апам кырааты менен баарын айтты. Байкуш өлүп калган аяш атамдын арбагын баса белгиледи. Данияр Уландын атасы каза болгондо жок болуп калып, кийин мени менен барып үйүнө куран окуткан эле.  Менин көз жаштарым бая эле салалап жаак ылдый чууруп кеткен. Апам сөзүн:

-Данияр биздин ахыбал ушундай. Тагдырдын жазымышы ушундай окшойт. Сени билимдүү, акылдуу жигитсиң. Кызымды кыйнабайсың деп ойлом. Бактыңды башкадан изде. Биздин кызга, биздин үйгө мындан ары келбе. Сен тагыдыр менен макул болуп, бизди да, кызыбызды да кечирип кой. Биз кызыбыз экөөбүз атакебиздин чечимине каршы чыга албайбыз. Атабыздын айтканы, каалоосу биз үчүн мыйзам- деп сөзүн жыйынтыктады. Андан аркы сөздү Улан улантып, өз оюн ортого салды.

-Данияр менен Асылзаттын ак сүйүүсүнө атамдын мезгилсиз өлүмү күнөөлүү болуп тургансыйт. Ошентсе да, мен атамдын арбагын наарызы кылгым келбейт. Эми аталарыбыз ушинтип сүйлөшүп коюптур. Андыктан мен Асылзатка үйлөнүшүм керек болот. Бирок мен Асылзатты алып алсам, Даниярга чыккынчылык кылган болом. Менимче, бул маселеге Асылзат өзү чекит койсун. Кааласа  сиздерин каалоо менен мага турмушка чыксын, кааласа өз каалоосу менен Даниярга бактысын байласын…

Ушул жерден Уландын сөзүн апам чорт үзүп:

-Антип айтпа, кызым атасынын сөзүн жерде калтырбайт. Сен деле арбакты тебелей албайсың Улан. Данияр биздин абалды жакшы эле түшүндү деп ойлойм. Сөз бүттү. Ушуну менен жыйынтыктайлы. Кызым да өзүн жакшы сезбей, ооруп турат- деп ордунан шарт турду. Апам турган соң биз да турдук. Апам экөөбүз эки жигиттин  узатып койдук. Куюлган суюк тамактар ичилбей калды. Кыргызда бышкан тамакты таштабайт дечү эле, ырыскысын калтырбайт дечү эле. Экөө тең бышкан тамакты таштап кетишти…

Мен өз бөлмөмө келип терезеге тигилдим. Эшик алдында Улан менен Данияр  сүйлөшүп турушуптур. Улан Даниярга бир нерселерди берилүү  менен айтып жатты. Данияр аны көңүлсүз угуп турганы менен,  бат эле кол шилтеп машинесине басып кетти. Анын Уланга кол шилтегени мага кол шилтеп койгондой эле сезилди. Жүрөгүм жанагыдан да жаман жанчылып, төшөккө бүк түшүп жатып калдым…

***

Ошол күндүн эртеси суук кабар уктук. Данияр биздин үйдөн кеткенден кийин досторуна жолугуптур. Кыязы, досторуна баарын айтса керек, анан достору Даниярга көңүл айтышканбы, айтор алар ичкилик ичишиптир. Негизи мен билгенден Данияр иччү эмес эле. Ошол күнү мен кайгырып жатып ичип алса керек. Ичкиликке кызып калган Данияр достору  болуп,  топ болуп майрамдап жүргөн балдар менен кандайдыр бир себептер менен мушташа кетишип, Данияр достору менен аларды катуу сабап салышыптыр. Ал ызы-чуу болуп жаткан жерге  милиция  жете келип, Даниярды жана дагы эки досун милициялар алып кетип камап коюптур. Калган достору ошол жерден качып кутулуп кетишиптир.  Мага ушул эле жепей турду эле. Бул каргашага мен өзүмдү күнөөлөп, жеп баштадым. Даниярды мурункудан да аяп, аны бул азаптан тезирээк куткаргым келди. Бирок кантип? Даниярдын ата-энеси, туугандары деле аны куткарып калууга жакшы эл аракет кылышканы менен андан майнап чыккан жок. Сабоо жеген балдардын бири башынан, көзүнөн катуу жабыркаптыр. Кечирим сурап, дары-дармектин чыгымдарын баарын өз моюндарына ала тургандарын айтышса да, болушпады. Анын туугандары эч ким менен сүйлөшпөй, Даниярды дагы бир досу менен кошо соттолушун талап кылышты. Көрсө, жабыркаган баланын атасы укук коргоо органдарында жоопту кызматта иштеген, айтор өзүнчө бир чиренген адам экен.

***

Ошентип, бат эле Даниярдын соту башталды. Мен апамдын уруксаты менен, анын сотуна 2 жолу катыштым. Ага чейин эки жолу Улан экөөбүз Даниярга тамак киргизген элек.

Сотто Мамлекеттик айыптоочу Даниярга эч ырайым бербей, талапты катуу коюп,  судьядан 7 жылга кесилишин сурады. Даниярга баары бир болуп калгандай, ал баарына макул болгонсуп, эч нерсе деле суранган жок. Болгону анын адвокаты гана чырылдап жатты. Сот башталгандан бүткөнчө жалдырап мени эле карап тургансыды. Мен да көз жашымды тыя албай, улам аарчып Даниярга тигилем. Мен Даниярдын андан кийинки сотторуна бара албадым. Апам да барышыма каршы болуп туруп алды. Даниярдын соту эки айга созулуп, жыйынтыгында досу экөө тең 5 жылга кесилип кетти. Бул таш боор өкүм мен үчүн Даниярдан тирүүлөй  ажыратып койгондой  эле болду. Мен мурункудан да чүнчүп, кайгыга алдырып койдум. Улан кез-кези менен мага жоулугуп,  көңүлүмдү көтөргөнгө аракет кылып жүрдү.  Бирок мен Данияр үчүн кайгырып жатып, Уланга жибий албадым…

***

Улан деле менден тажап кеткенсиди окшойт. Ал мага мындай смс жазып жиберди: «Асылзат, сенин абалыңды түшүнүп турам. Мен сени да, өзүмдү да кыйнагым келбейт. Ошон үчүн экөөбүзгө убакыт керек. Сени кыйнап азыр алган күндө деле, сен мага жакшы жубай болуп бере албайсың.  Бирок билип кой, экөөбүз баш кошобуз. Мен эртең Москвага кетип жатам. 7-8 ай ошол жакта соода иштери менен алек болом. Жакшы тур. Кабарлашып турабыз. Көп кайгырба.  Сен мага керексиң…»

Мен Уландын  мындай чечимди күткөн эмесмин. Эмне үчүн бул чечимин жолукканда айтпаганына жана коштошууга келбегенине да түшүнбөдүм…

***

Андан бери эки  айга жакын убакыт өтүп, мезгил аз-аздан болсо да жүрөгүмдү дарылап жаткандай. Айтор, мен сабагыма көңүл буруп, чаржайыт ойлорумдан арылып калдым. Анткен менен Даниярды бир мүнөткө да эсимден чыгарган жокмун. Улан болсо, Москвага  баргандан көп өтпөй мага чалып, өзүнүн ойдогудай иштеп жатканын айткан. Бир ай мурун дагы бир жолу чалды. Ошону менен чала элек. Билбейм, менин жүрөгүм дале болсо Даниярга тартып, аны сагына баштадым. Бир күнү түн ортосунда уктап жатсам, менин телефонума  чоочун телефондон смс келди. Анын кыска жаңырыгынан ойгонуп кеттим.  Смс Даниярдан келиптир. «Мен Данияр» деген сөздү окуп. Жүрөгүм бир заматта аңтарылып кеткендей болду. Ал мени түрмөгө келип кетишимди суранып, түрмөнүн дарегин жазып, «Жооп күтөм» дептир. Мен бир саамга ойлоно калдым да,  бара турганымды билдирип жооп жөнөттүм. Ал түнү таң атканча кирпик каккан жокмун…

(Уландысы бар)

Автор: Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here