Чагылган: Атактуу футболчу Криштиану Роналду кайрадан секс «скандал» менен дүйнө коомчулугун назарын өзүнө бурду. Ал тууралу  аз күн мурун модель Наташа Родригес менен интим мамилеге барды деген маалымат чыгып,  ал кызуу талкууга алынууда. Родригес өзү да бул Любовь на вершине»  аттуу реалити-шоуга катышып жатып:

-Мен Криштиануга өзүм бийлген бийди жөнөткөм. Ал аны көргөндөн кийин мага жолуга турганын айтты. Көрсө ага менин жамбашым жагыптыр. Биз тез эле жакшы тил табышып кеттик. Мен анын сүйгөн кызы бар экенин билчүмүн. Биз бирге өткөргөн түн укмуш сонун болду. Мен ага секс үчүн керек болгонумду түшүндүм. Бирок бул менин кыялым болгон — деп  айткан. Ошондой эле ал бул реалти -шоуга катыша турганын айтканда, футболчу ага катышпа деп каршы чыкканын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, Роналдунун үч баласы бар, аялы жакында көз жара турат. Ал тургай жарык дүйнөгө келе турган наристеге Алан Мартин деген ат тандап коюшкан.

Атактуу футболчунун башка кыздарга көз салганы бул эле эмес, эске сала кетсек быйыл ал Москвага келген кезде 22 жаштагы Катя Матецкая менен да «ысык» мамиледе болуп кеткени айтылат.  Бирок бул тууралу толук, кенен айтылган эмес. Ал эми 2009-жылы Лас-Вегаста 20 жаштагы кызды зордуктап коюп, анан ал жөнүндө эч кимге айтпоо үчүн 375 миң доллар бергенин да ЖМКлар жазып чыгышкан. Футболчу бул маалыматты четке кагып келет. Зордукталды деген кыздын да аты аталган эмес.

Бул эле эмес, 2016- жылы Роналдунун гей экенин айтып чыгышкан. Бул туралуу ал белгилүү футболчу Коке аны кийим которо турган жерден: «Сен гейсиң»- деп айтканда,  «Ооба мен геймин, бирок мен бай геймин» -деп жооп берген деген маалымат чыккан. Ошентип, даңктуу футболчуну гей деп мазактап да башташкан…

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here