Чагылган: Орусиялык бизнесмен, экс-миллардер Тельман Исмаилов сыртынан камакка алынды. Ал  алгач эки кишинин өлүмүнө шектелип жатканын кабарланган, андан кийин дагы беш кишини өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталууда. Бизнесмен 2016-жылы киши колдуу болгон соода борборлордун ээси Владимир Савкин менен “Люблино Моторстун” негиздөөчүсү Юрий Брилевдин өлүмүнө айыпталган болчу. Аз күн мурун бул  кылмыш ишине байланыштуу  Исмаиловдун бир тууганы Рафик камакка алынды. Белгилүү бизнесмен Исмаилов  Россияда 2009-жылы жабылган Черкизов базарынын мурдагы ээси  болуп келген. Эки жыл мурун бизнесмен банкрот деп табылганы кабарланган, ал эми быйыл жаз айларынан тарта анын активдерин сатуу процедурасы жүрүп жатканы айтылат. Исмаилов учурунда миллардер катары таанылып, чоң саясатчылар менен жакшы мамиледе болуп келген. 2009-жылы Түркияга жети жылдыздуу  Mardan Palace мейманканасын 1,4 миллиард долларга салып, анын ачылышына казак президенти Нурсултан Назарбаев, Голивуд актёрлору Ричард Гир, Шэрон Стоун, Моника Беллуччи келген.  Бир, эки жыл мурун бул кымбат мейманкананы Halkbank болгону 130 миллион долларга сатып алган.

Тельман Исмаилов.
Исмаиловдун Түркиядагы мурунку мейманканасы

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here