Кечээ күнү Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев мезгилсиз дүйнө салганын кыргыз ЖМКлары жазып чыкты. Ал 40 жашта эле. Депутат боордун цирроз оорусуна чалдыгып көптөн бери ооруп жатканы айтылат. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты. 1977-жылы Фрунзе шаарында төрөлүп,  Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өскөн. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин, 2009-жылы Москвадагы Айыл чарба академиясынын финансы жана менеджмент факультетин аяктаган. 2010-жылы Камчыбек Ташиевдин  «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» фракциясынын курамында мандат алган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Чолпонбаев безнесмен катары да белгилүү. Ал Жогорку Кеңеште демилгелүү депутаттардын бири болбогону менен бизнесте ийгилик жараткандардын бири.

 

Эмгек жолу: 

1997 — “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор;

1998 — “Манас” аэропортунун бажы терминалында улук инспектор;

2000 — “Галенфарм” ЖЧКнын менеджери;

2001 — “Галенфарм” ЖЧКнын директору;

2003 — “Галенфарм” ЖЧКнын коммерциялык директору;

2009-2010 — Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу;

2010-2015 — КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;

2015 — “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2011-жылдан бери Ысык-Көл облусунун Шахмат федерациясынын ардактуу президенти болуп келген. 2012-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун ардактуу атулу наамын алган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here