— Атым Перизат. Жашым 33тө. Күйөөм экөөбүз урушуп талашып журуп 12 жыл жашадык. Ортодо бир уул, бир кызыбыз бар. Кезектеги уруштан кийин күйөөм Россияга иштегенге кеткен. 8 айдан кийин артынан мен келдим. Бирок ал оңолбоптур, баягы жашоо уруш-талашы менен кайра башталды. А мен жумушка барып келип жүрө бердим. Ошентип жумуштан бир жигит менен таанышып сүйлөшө баштадым. Кадимкидей сезим пайда болду. Ошол күндөрү күйөөм экөөбүз катуу урушуп калдык. Жашабайм деп аны уйдөн чыгарып салдым дагы, тиги жигит менен байланышымды уладым. Ошо бойдон күйөөм менен толук ажыраштым. Жигит экөөбүз 8 ай жакшы мамиледе болдук. Анан ал Кыргызстанга кетти. Мурда «сенсиз жашай албайм» деген жигитим төрт күндө өзгөрүлө баштады. Мага жакпаганы ал менден 8 жашка кичүү болчу. Мен аны билинбей катуу сүйүп калыпмын. Ал кеткенде күндө ыйлап,  азап чектим. Экөөбүз жолуккан күнгө наалат айтып жүрөм. Бир күнү башка кыз болуп аны менен вотсаптан таанышсам, тим эле жан талашып таанышып, сүйлөшкөн кызым жок деп айласы кетти. Чыдабай кетип «бул менмин» десем жини келип мени менен урушуп, номурларды  «кара тизмеге» киргизип салды. Айлам кетип азапка батып- батып баратам. Ага ишенип турмушумду бузганымчы. Экөөбүз баары бир бир болбошубузду билсек да, бири бирибизди аябай жакшы көрүп сүйчүбүз. Экөөбүздүн жаш айырмабыз деле билинбей сонун жүрчүбүз. Мени алдагандары жаныма батты, ал менден кичүү болгону үчүн мени укчу. Дайыма бирибизге кеңешип сүйлөшчүбүз,»сен акыл айтсан апамдай көрөм, эркелесен сүйгөнүмсүң, кенешсен досумсун» деп сонун сүйлөп берчү. Эми ал адамым жок. Мындай азапты бир да жолу тарткан эмес элем. Азыр  арманымды ыйдан чыгарып  жатам. Менин жазганымдын дагы бирөөнө пайдасы тийээр. Үй-бүлөңөрдү биринчи орунга койгула. Алданып, арман кылып тагдырыңарга балта чаппагыла. Убагында кенен ойлонуш керек экен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here