Чагылган: Кечээ күнтөн бери Болливуддун белгилүү ырчысынын Ысык-Көлдө тартылган клиби интернетке жарыяланып, аны көргөндөрдүн саны улам артып баратат.  Ырды кадр сыртында Индиянын атактуу ырчысы  Рахат Фатех Али Хан аткарган. Бул клипте  клиптин баш каармандардын ролун  кыргызстандык жигит Нурсултан Айталиев   менен Индиянын белгилүү актрисасы, модели Ниту Чандра ойношкон. Индиялык музыканттар бул ырдын музкасын көркүн чыгаруу үчүн   кыргыздын улуттук аспаптары: комуз, кыл кыяк, чоорду кошуп, аны ак калпакчан жигит ойноп жатканы тартылган. Бул клипти интернеттен  2 күндүн ичинде 400 миңге жакын адам көргөн. Сиз да көрүп өз бааңызды бериңиз:

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here