Чагылган: Кечээ күнүн айтылуу актёр, сүрөтчү, спортчу Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүнө карата Бишкекте Ала-Тоо кинотеатрына жакын жерге тургузулган айкелинин ачылышы болду. Эске сала кетсек, айкел үчүн Бишкектин болгон мыкты жер тилкесин мэр Албек Ибримов чечип берген. Ал эми Чокморов атындагы фонд жана анын жетекчиси Сагынбек Абдырахманов  15 жылдан ашык убакыттан бери атактуу актёрго айкел тургузуу үчүн марафон өткөрүп жана жеке демөөрчүлөрдөн да бир топ акча чогулткан. Абдырахманов айкелдин жалпы чыгымы 7 млн. сомдун тегереги болгонун айтыптыр. Албетте, анын мынча түйшүктүү аракетине ырахмат. Бирок жасаганга жараша иштин майын чыгара жасап, элди кубантып койсо гана… Негизи, ушунча чоң акчага мындан мыкты эстелик жасоого болот беле. Аракет кылса болмок. Айкелди скульптор Алмаз Кожогулов Россиядан жасаган. Салмагы 600 кг. бийиктиги 3 метр. Береги сүрөттө көрүнүп тургандай актёрдун айкели өзүнө аначалык окшобой калган.

Анан калса тетири да каратып, образды начар беришкен. көздөрү да бүтүйүп, кызыктай болуп калганы байкалат. Чокморовдун кинодо эң мыкты, кайталангыс образдары, сүрөттөрү бар. Маселен, «Караш-караш» киносундагы  ат минип турган Бактыгулдун образын кудум өзүндөй кылып айкелге айлантып, жасаганда сонун болмок. Эл да ыраазы болмок.

Бактыгул. Караш-Караш

Азыркы айкелге элдин ичи чыкпай калды. Ал тургай Чокморов менен табакташ, үзөнгүлөш болуп жүрүшкөн айтылуу жазуучу Мар Байжиев баштаган бир катар инсандар «айкелдеги Чокморовду тааныбай калдык  «- деген ойлорун айтып жатышат.  Эске сала кетсек, буга чейин КырДрамдын жанында Татүбүбү Турсунбаеванын айкели да бир топ акчаг тургузулган. Тилекке каршы, анын да айкели өзүнө окшобой, начар жасалып калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here