Чагылган: Бүгүн Бишкекте өкмөт “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууларды өткөрү иш-чарасын уюштуруп жатат. Бул маселеге дале болсо ызматка келбей жатып жалпы коомчулукка ар кандай кадамдары менен жаман көрүнүп алган  вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев  төшүн тосуп жүшүрүп жүрөт. Эске сала кетсек, “Суу кодексине” өзгөртүү кирип, өкмөттүн оюндагыдай болсо анда Кумтөрдү өзү каалагандай иштетип жаткан Центерра компаниясы буга чейин чет жакасын анача-мынча талкалап салган Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн алдындагы алтынды казып алмакчы. Албетте, кылымдарды карыткан ал мөңгүлөрдүн мөлтүр жашын агызып, биротоло жер менен жекесен кылып талкалап туруп. Кыргызга ошол эки мөңгүнүн алдындагы азыраак алтын керек беле, же заңкайган мөңгүлөр керекпи. Мөңгүлөр талкаланса, тоо талкаланат, тоо талакланса, экология талкаланат. Ансыз да экологиябыз барган сайын бузулуп барат. Эң жаманы “Суу кодекисине” өзгөрүү кирсе, эки мөңгүбүз талкаланары тургун иш. Бирок анын аркасы менен башка мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылыпк алышы мүмкүн. Ачылбайт деп эч ким кепилдик бере да албайт. Кыскасы, бул маселе өкмөткө да, парламентке да аброй алып келбейт. Тескерисинче, анча-мынча кадыр- барктарын кетирип, элдин нааразычылыгын күчөтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here