Буга чейинки «Жүрөктөгү сыр» жана «Өмүр — Дастан» аттуу көлөмдүү ырлар жыйнактарынын, «Тагдыр» даректүү романынын автору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Маданияттын мыкты кызматкери, Т.Абдумомунов жана А.Токомбаев атындагы Эл аралык сыйлыктардын ээси, актриса, дастанчы жана казалчы, акын – драматург Чынар Калыбекованын «КАРАГЕР» эки томдук драмалар жыйнагына автордун драматургия жаатында көп жылдардан бери эмгектенип жараткан эмгектери топтолду.


Автор 2003 – жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн кыргыз драматургдарынын арасында өткөн драматургиялык конкурста «Калыйман», «Актриса», «Үмүт», «Мусордогу Роза» драмалары төрт орунду тең жеңип чыгып, Республикада чоң «Сенсация!» жараткан. 
2005 – 2006 — жылдары Кыргызстанда өткөрүлгөн Эл аралык Орто Азия Казахстан жана Кыргызстан драматургдарынын Фестивалында көркөмдүк жактан эң мыкты деп табылып, «Үмүт», «Актриса» драмалары «Сертификатка» ээ болгон. 
Ч.Калыбекованын котормолору жана орус, тажик, тилине которулган драмалары «Карагер — 2» жыйнагына топтолду. 
…..
Ч.Калыбекованын «КАРАГЕР – II» драмалар жыйнагына орус тилине которулган драмалары кошулду. Драмаларды которууда белгилүү жазуучулар, драматург, котормочулар Турсунбек Абдыгулов, Жума Куддус, Турузбек Мадылбаевдердин эмгектери абдан зор.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here