Атактуу боксёр жарым жылаңач кыздын сүрөтү менен мактанып уят болду
Дүйнөлүк бокстун легендасына айланган 39 жаштагы Рикки Хаттон Instagram баракчасына фигурасы келишкен модель кыздын сүрөтүн коюп: «Эртең менен ойгонсом, мага таңкы тамак жасап жатат» деп жазып мактанган. Бирок анын бул мактанычы көпкө созулган жок, боксёрду бат эле уяткарып коюшту. Көрсө, бул кызды жакшы билгендер анын Хаттон менен эч кандай мамилеси жок экенин, тааныш эмес экенин жазып чыгышканын Daily Mail кабарлады.Рикки Хаттон бокстун IBF, WBO, WBA и IBO версиялары боюнча дүйнө чемпиондугун багындырып, 2012-жылы боксту таштап, машыктыруучу болуп иштеп кеткен. Ал 2010- жылы анын бокстагы лицензиясын маңзат жана спирт ичимдиктер колдонгондугу үчүн алдырып жиберген.