Атым Асылзат. Ата-энем мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштешет. 3 бир тууганмын. Байкем жана сиңдим бар. Биз кичинебизден  эч нерседен кем болбой чоңойдук. Бала кезде баары башкача, баары жыргал экен. Мунун баарын мен эс тартып, өз алдымча жеке жашоону ойлоно баштаганда терең түшүндүм. Анан калса,  ак сүйүү башыма келип, жүрөктүн түпкүрүнөн орун алып алгандан кийин бул жашоонун негизги маңызы тунук махабатта экенине көзүм жетти. Сүйүүгө балкып турган кезде бул дүйнөдө сүйүүнүн күчүнө теңдеш күч жоктой сезилет экен. Сүйгөн адамың үчүн баарына даяр экениң өзүңө сезилип турганың менен, айрым учурларда турмуштук, үй-бүлөлүк  жагдайлар баарын өзгөртүп, өзүнүн өктөм чечимин чыгарып коёт экен….  Сүйүүгө кайдыгер карабаган бардык жаштар үчүн он жыл мурун пайда болгон аруу   махабатымды баяндап берсем… Баса, Данияр азыр да менин жеке жашоомдо чоң мааниге ээ болуп турат…

…Данияр  менен мектепти бүтүп жатканда, бүтүрүү кечесинде кыздар болуп таанышып калдым. Ошол таанышкан күндөн  көп өтпөй  экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир жылуулук сезим пайда болуп, махабат мамилеси аз-аздан тутанып бараткансыды. Мен аны жөн гана ойлоп койчу элем. Ал мени болсо ойлоодон тышкары, байма-бай телефон чалып, смс жөнөтүп, жолугууга чакырып, барбай койсом, бир айласын таап алчу. Анын чечкиндүүлүгү, адамкерчилиги, жагымдуу сөздөрү, көптү билгени,  юридикалык академиядан билим алып, эми экинчи жогорку билимди Эл аралык университеттен билим алып жатканы  жагаар эле. Болочок жубайым билимдүү болсо дечүмүн…

Мен болсо ата-энемдин жана өзүмдүн каалоом менен медициналык академияга тапшыргам. 7 жыл окудум.  Данияр менен  кыз-жигит болуп 5 жылдай сүйлөштүм. Экөөбүз бири — бирибизсиз бул жашоону элестете албагандай деңгээлге жеттик окшойт. Досторубуздун баары бизге суктанышчу.  Ал тургай кантип тажабай ушунча сүйлөшүп жүрөсүңөр деп сургандар да аз эмес эле.  Айтор, мага ушундай сезилет. Данияр болсо мага ички сезимдерин толук ачылып айта берчү эмес,  бирок менин айткандарымды абдан кулак төшөп угат жана мен ага канча эркелесем ал ошончо көтөрөр эле. Данияр мага  биздин табышканыбыздын урматына деп, анан да ак сүйүүсүнүн белгиси кылып, өзүнүн аты жазылган шакек белек кылган. Ал шакек мага дале болс ыйык тумардай эле сезилет. Шакектин чоо-жайын апам жакшы билет. Мен Даниярды ошол шакекти белекке алгандан кийин  апама тааныштыргам, апама Данияр дароо эле жаккан жана апам ага жакшы баасын берип, мени бир топ кубандырган эле. Ал эми атама апам экөөбүз ошол кезде Даниярды шашпай тааныштыралы деп чечкенбиз. Бирок мен сени эч качан атама тааныштыра албай калдым. Анткени, атам мени сезимимди түшүнбөй бактымды башкага байлап койду…

…Атамдын Ырыскул деген мыкты досу бар эле. Ал досун биз деле эс-тартканда көрүп-билип, аралашып калдык. Абдан жакшы адам эле. Эки эркек баласы, бир кызы бар. Үй-бүлөлүк тыгыз катышта болуп келгендиктен биз алар менен кичинебизден эле жакшы тааныш элек. Ошол аяш атабыз жол кырсыгына кабылып, ооруканада 10күндөй жатып калды. Атам үчүн ошол күн абдан оор болду. Күнүгө жан досунун жанында болду. Бирок ажал деген эч кимге айтып келбейт экен. Ак халатчандар канча аракет кылган менен аяш атабыз алган жаратынан оңоло албады.  Өмүрү кыска экен. 50гө чыкпай жатып, акка моюн сунду. Атам досунан ажыраганы маанайы абдан чөгүп, кайгыга терең батып кетти.  Апам экөөбүз, байкем жана сиңдим болуп, атакебиздин көзүнүн агы менен терең айланып калдык. Мына аяш атабыздын арабыздан кеткенине бир жылдан ашты.  Бир нече ай мурун  жылдыгын берип, эстелигин тургузушту. Баарыбыз барып куран окутуп келдик. Аяш атабыздын аялы, кызы, баласы кандай кайгырса, биздин атабыз алардан кем кайгырган жок. Ушул бир жылдан ашык убакытта жумушунан көп калды. Жумушунда тажырыйбасы мол, мыкты адис болгондуктан атабызды кетире алышкан жок. Бирок бир нече  ирет эскертүү алды. Эгер жумушуна баягыдай көңүлдүү иштеп турса, атабызды башка мекемеге жетекчи кылып көтөрүшмөк. Кыязы, айрым кесиптештери «ал бул жакты кыйратпай калды, анан ал чоң жумушту кантип кыйратат»- деп жамандап коюшса керек. Айтор, ушундай болуп калды.

Мени болсо Данияр ошол аяш атам арабыздан кеткенине  6 айдан ашкандан кийин, баш кошобуз деп шаштырып баштады. Ал маселени апам билет, атам билбейт. Апам экөөбүз атама айткандан коркуп жүрдүк. Даниярды да туура түшүнсө болот. Данияр бир үйдүн кенже уулу. Байкелери, эжелери турмуштан өз орудуларын таап кетишкен. Карылыкка моюн сунуп калышкан ата-энесини менен бирге жашайт. Алар баласын акыркы 2 жылдан бери үйлөн деп кыйнап келишет. Баласы болсо мени күтүп жүрөт. Апам экөөбүз болсо акыркы алты айдан бери атамды күтүп калдык. Апамдын чыдамы түгөндү окшойт. Бир күнү атакеме менин маселемди айтып кабыргасынан коюп, Данияр тууралуу да кенен маалымат берип, алар жакында сөйкө салганы келишерин да айтыптыр. Аны уккан атам эмне деди дебейсизби? Кыскасы, атакем мен 5 жылдан бери сүйүп келаткан, бул жашоону ансыз элестете албаган Даниярымды кулагыма угузбагыла дептир. Себеби, атам жан досу кырсыктап ооруканада жатканда  өздөрүнчө сүйлөшүп, менин бактымды аяш атамдын менден бир жаш уулу Уланга байлап, шерттешип коюшуптур. Эмнеге мындай чечимге келишкенин бизге толук айтышкан жок.  Кыязы, сенин балаң Уланга кызымды берип, балаңды өз баламдай бапастеп алам деген окшойт. Мен атамдын бул чечимине эмне деп айтарымды билбей тамдын бурчуна тыгылып олтуруп калдым, көзүмдөн мөлт-мөлт жаштарды жаамгырдын тамчыларындай агызып. Атам менин абалыма анчалык көңүл деле бурган жок. Болгону:

-Кызым, болду ыйлаба, ансыз да канап турган жүрөгүмдү ого бетер канатпа. Жүрөктүн бир эле жолу жараланганы адамга жеңилирээк болоор, эки ирет жараланса мен аны көтөрө аламбы. Мени атакем десең, өмүрүмдөгү бир чоң суранычымды четке какпа. Улан жаман жигит эмес. Кичинемден эле өз баламдай болчу. Күйөө бала кылып албасам, досумдун арбагы мени кечиреби? Арбакты нааразы кылгым келбейт… — деди. Башка кеп айткан жок.

Атамдын бул сөзүнөн кийин апам да, мен да эч нерсе деп айта албай калдык. Анткени атамдын айткан сөздөрү биз үчүн башынан эле мыйзам болчу. Ансыз да  кайгыга батып, кан жутуп турганда биз атабызды бул абалдан чыгарууга аракет кылып жатканбыз. Бул биринчи маселе деңизчи. Ал эми баарынын кызыгы, жаманы Улан менин жигитим Данияр менен жакшы мамиледе. Экөөнү сааттай болуп өзүм тааныштыргам. Экөө жылдызы келишип, акыркы  жылдары жакшы достордон болууга жетишкен. Бирок Уландын ушу кезге чейин сүйгөн кызы жок эле. Ал мага өз карындашындай мамиле кылчу. Мен да аны сыйлачумун. Бирок ага өмүрлүк жар болуу үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Эми эмне кылам. Атамдын каардуу чечимин уккандан бери 3 күн өттү. Окууга да бара элекмин. Жанымда апам байкуш чебелектеп, мени соротуу, эптеп тамак ичирүү менен алек. Мен болсо тамакка табитим тартмак тургай, өзүмдү кармана албай  кез-кези менен солкулдап, чаржайыт ойлорумду жыя албай турам. Данияр мага эки күндөн бери чалып, смс жазып жатат. Мен ага жооп беребедим. Кантип жооп берем, эмне деп айтам. Төртүнчү күн дегенде мага Улан чалды. Телефонду алып, унчукпай кулагыма тыңшадым. Ал:

-Асылзат кандайсың. Ден –соолугуң жакшыбы?- деп абалымды сурап баштаганда эле, негедир өзүмдү кармана албай шолоктоп жибердим…

Улан менин жүрөгүмдүн жанчылып жатканын билсе керек, ошол себептен чалган окшобойбу. Ал мага акырын гана:

-Ыйлаба, Асыл. Мен баарын билем. Аталарыбыздын аманатын мен сенден биринчи уккам.  Бирок мен мындай болот деп күткөн эмесмин. Тагдыр ушундай экен деп атамдын арбагын тебелеп, аяш атамдын көңүлүн сууткум келбей турат. Ошондой болсо да, мен бул кырдаалдан чыгуунун айласын ойлонуп жатам. Экөөбүз жолугуп баарын баарын сүйлөшүп алалы…

Улан дагы эле токтобой сүйлөп жатты. Бирок мага акыркы айткан сөздөрү жетиштүү болгондой болуп, негедир кубанып кеттим…

(Уландысы бар)

Автор: Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here