Түркиянын Деңизли шаарында 50 күн жатып, каза болгон Ширин Бейшембекованын сөөгү 8-ноябрда Бишкекке алынып келингенин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева «Азаттык» радиосуна билдирген. Маркум 22 жаштагы кыздын сөөгүн  Измир жана Стамбул шаарлары аркылуу алып келүүгө Стамбулдагы Башкы консулдукка кыргызстандык бир катар жарандар көмөктөшкөнү айтылат. Белгилүү болгондой 50 күндөн ашуун ооруканада эсине келбей жаткан Ширин Бейшембекова 4-ноябрда каза болгон. Кыздын өлүмүнө дарты өтүшүп, эки бөйрөгү иштебей калганы себеп болгон.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here