Көрөңгөсү тайыз тура…

Өмүрбек бабановду президент кылып, анан премьер-министр болом деп жээлигип алып, «иттен жок же ит байлаган жиптен жок» калган Бакыт Төрөбаевдин командасы чачырап кетти. Мурдунун учунан алысты көрбөгөн тайыздыгынан кашыктап чогулткан кадыры чөмүчтөп чачылып, ишеним арткан тегерегиндегилердин дээрлик баарынан кол үздү. Алапайын таппай калган жаны, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидерлигинен алып салбасын деп Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев, Алмаз Жутанов сыяктуу тескери жоруктарын бетине айтышкан депуттарды фракциядан чыгарып, өзүнчө эле коргонуу аракетин көрүүдө. Жакында миллиондогон сом салык төлөбөгөн фрималары тыкыр текшерилип, «маңкасы» акканы турат. Башына кара булут айланып, иши тескери кеткенин кеч түшүнүп, жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн эми Сооронбай Жээнбековдун алдынан өтүп кечирим суроого жол издеп жаткан кези. Бакиевдердин намысы үчүн туруп берем деп Жээнбековдорду жектеген жаны, эми кайсы бети менен тизе бүгүп барат? Ар-намысын жыйыштырып барган күндө дагы, «котур ташын койнуна каткан» Төрөбаевди Сооронбай мырза кабыл алабы?

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here