Казакстандын Шымкент шаарынын 54 жаштагы тургуну өзүн-өзү бычып (кастрация) салды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда жергиликтүү TVK телеканалы маалымдады.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 7-ноябрда болгон. Келген дарыгерлерге жабырлануучу мындай кадамга жалгыздыктан тажагандыктан, үй-бүлөсү жана баласы жоктуктан баргандыгын билдирген. Ага ыкчам операция жасалган.
«Ал бизге өтө оор абалда келди. Ал бир нече күн урологиялык бөлүмдө дарыланат», — деп билдирди шаардык оорукананын врач-урологу Арман Бейсенов.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here