Москвада кыргызстандык мигранттарды алдап орус жарандыгын, паспортторду тез арада алып берем, абакта отурган кыргыз жарандарын боштондукка чыгарып берем деп кыргыз жарандарынан акча алып, бир канчасын  чоң чыгымга учураткан 51 жаштагы кыргызстандык аял кармалганын Кыргызстандын ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматтарга караганда, алдамчы аял жарандарга өзүн  Соколова Зоямын, профессор, медицина илимдеринин доктору, жогорку даражадагы врач-терапевтмин, кээ бир жерлерден өзүн кыргыз элчилигинин кызматкеримин деп тааныштырып алдап жүрүптүр. Азыркы учурда ал аялдын үстүнөн Москва полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп камакка алыныптыр.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here