Кыргызда “бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы” деген кеп бар эмеспи. Ал эми ошол эки баш тең эбегейсиз талантка эгедер инсандар болсо, алардын башы бир үйгө бириксе, андан өткөн бактылуу үй-бүлө болбосо керек. Элибизге аттын кашкасындай таанымал, бири залкар комузчу, бири кыргыздын азыркы Мыскалы аталган булбул үндүү ырчы, “Мыскал” тобун жетектеп, ошол эле убакта шакирттерди тарбиялап келе жаткан Кенже Кубатова менен Зайнидин Иманалиевдин жашоо, турмуш, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

— Грек даанышманы Сократ «Мен бу дүйнөдө өзүмдүн эч нерсе билбесимди гана билем» деген экен. А сиздер өзүңүздөр тууралуу эмнени билесиздер?

Зайнидин Иманалиев:

—      Табышмактуу таалайды,

Турмуштан улам билдим мен.

Туйласаң чыкпайт экенсиң,

Тагдырың чийген чийинден.

Кенже Кубатова:

— Сократ туура айткан. Өзүм жөнүндө эч нерсе деле билбейм. Мүнөзүмдү да айтып берүү мен үчүн оор.

— Таланттуу үй-бүлөнүн талашы чыгармачылыкка байланыштуу болобу же күнүмдүк тиричилик үчүнбү?

Кенже Кубатова:

— Биздин үйдө чыгармачылыкка караганда, күнүмдүк тиричилик боюнча талашуу болот. Анткени биз чыгармачылыктагы ишибизди жакшы билээрибизди экөөбүз тең түшүнөбүз. Ошондуктан талашуудан пайда жок.Мен комуз боюнча кантип талашам, эгер өзүм күү черте албасам.

Зайнидин Иманалиев:

— Турмушта талаш аралаш,

Туурасын айтсам жашырбай.

Талантты кээде кор кылат,

Тагдыры бура бастырбай.

— Биз бала кезден бери эле Зайнидин Иманалиев, Кенже Кубатова деген ысым өчпөй келет. Мунун сыры эмнеде?

Зайнидин Иманалиев:

— Обологон ыр калды,

Ойдолотчу күү калды.

Ойлоймун дале сизди дейт,

Ой тобо, ошону эстээр эл барбы?

Кенже Кубатова:

— Таланттын өчпөй келе жатканы кудайдын кудурети деп билем. Эгер кудайым талант бербесе кантет элек? Алланын шыпаасы менен ушундай кудуретке жетип отурабыз да. Болгондо да бирибиз күүлөрдүн сырын, бирибиз элдик ырлардын сырын алып жүрөбүз.

— Зайнидин агай, көп жылдан бери айылда жашап келесиз. Талантыңызды чоң шаарга сыйдыра албай, ээн-эркин айылда жүрөйүн деп чечтиңизби?

— Байдылда акын айткандай,

Боз үйүм болсо бармакмын.

Бозортуп далай талантты,

Бериле турган сыйлыктын,

Бирин да калбай алмакмын.

— Кенже эже, көзүңүздөн көп нерсени окууга болот. А аткарган ырларыңыз биз үчүн туңгуюк?..

— Ар бир ырчы же акын, же обончу өзүнүн тагдырын өзүнүн чыгармаларында чагылдыра бербейт. Анын сыңары, мен да ырларымда турмуштун бактысы менен кайгысын аралаштырбайм. Ырсыз эле ким кандай жашоодо жашаарын эл жакшы билет.

— Чыгармачылыкта жандануулар болуш үчүн эмне зарыл экен?

Зайнидин Иманалиев:

— Көңүлүң өссө ыр болот,

Кыстоого түщсөң сыр болот.

Кең дүйнөгө батпаган,

Камгактай болуп калдактап,

Коктуну көздөй «дыр» коёт.

Кенже Кубатова:

— Чыгармачылыктагы жандануу үчүн ар кандай нерсе себеп болот. Мен үчүн эч деле себеп жок. Жөн эле ырдагым келгенде ырдап коём. Азыркы учурда көп жакшы эски ырларды жана жаңы ырларды радиого жазуу үчүн аракет кылыпжатам.

— Кээде жалгыздыкты каалаган учурлар болсо керек. Ал кырдаалдан кантип чыгасыздар?

Зайнидин Иманалиев:

— Кадырын түшсө байпакка,

Кадырлашың эстейсиң.

Катташаар шартың болбосо,

Качанкы жакшы кездерди,

Көз алдыңа экчейсиң.

Кенже Кубатова:

— Жалгыздыктан ыр менен чыгам.

— Зайнидин агай,кудай сизге мындан да күчтүү шык берип, комузда кол ойнотууга жана ырдоого мүмкүнчүлүк берсе кайсынысын тандайт элеңиз?

— Эгем күчтүү шык берсе,

Эл үчүн кызмат кылмакмын.

Эмгектенүүнү сүрөөндөп,

Эндекейди тыймакмын.

—  Кенже эже, а сизчи? Ырдоонубу же комуз чертүүнүбү?

— Мен кайра эле ырдоону тандамакмын.

— Бактылуусуздарбы?

— Зайнидин Иманалиев:

Бар болуп, жок да болуп,

Баарына көнгөнмүн мен.

Балдарым, алганымды,

Бакыт деп жашап жүрөм.

Кенже Кубатова:

— Бизден өткөн бактылуу адам жок. Мен Зайнидин Иманалиевдей жарга жолукканыма аябай бактылуумун. Анткени бул адам талантынан дагы адамгерчилиги өтө бийик адам. Аны көбү сезбейт, билбейт дагы.

Булак:Фабула 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here