Ош облусттук ооруканасына уксус ичкенден кийин жеткирилген келин көз жумду. Облусттук ооруканадан билдиришкендей, 30 жаштагы келин Кара-Суу районунун жашоочусуна турмушка чыккан. Ал ооруканада 4 күн дарылангандан кийин 28-октябрда каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча, келиндин уксус ичишине үй-бүлөлүк келишпестиктер себеп болгону айтылууда. Анын артында 2 баласы калды. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Уксустун кесепетинен Баткен облусунун  Кадамжай районунда дагы 20 жаштагы келиндин өмүрү кыйылды. 27-октябрь күнү Кадамжай шаарында уксус ичип каза болгон келиндин өлүмүнө шектелип 31 жаштагы күйөөсү кармалганын РИИБден тастыкташкан. Шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (адамды өлүмгө жеткирүү) менен кылмыш иш козголуп, 2 айга камакка алынды. Маалым болгондой, 27-октябрь күнү 250 грамм уксус ичкен келин ооруканага оор абалда жеткирилип, ошол бойдон көз жумган. Анын ашказаны тешилип, көп кан жоготкон. Каза болгон келиндин аркасында 2 жашка толо элек эгиз кыздары калды.

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here