Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө бүгүн 7-ноябрда, таңкы саат саат 04:00 ченде белгисиз адамдар  терезени бузуп киришип, Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө кагаздарынын бир нускасын жана сувенир тапанчасын алып кетишкенин, Текебаевдин дагы бир жактоочусу Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасына  тасмасы менен кошо жарыялады. Ал өз баракчасына:

«Кече Салянованын инисин атып кетишти, а бугун тундосу адвокат Канат Хасанов дун уйунон белгисиз адамдар Текебаевдин уголовный деласын уурдап кетишти, Урматтуу Президент, урматтуу Спикер, Урматтуу Кыргыз элим, биз кандай олкодо жашап жатабыз? Тез арада укук коргоо органдарын бул кылмышка тиешелуу акмактарды табып жазалашын талап кылалы.» — деп жазган.

 

https://www.youtube.com/watch?v=D3FRRdmyT30&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here