Ички иштер министрлиги  Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун инисинин киши колду болуп каза тапканы боюнча билдирүүдө эч кандай саясый себеп жок экенин жар салды. Билдирүүдө:

— Алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер Саляновду эки жолу атып, качып кетишкен. Ал алган жараатынан аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Окуя болгон учурда Улан Саляновдон тышкары жубайы жана 17 жаштагы уулу бар болчу. Кылмышкерлер, алдын ала маалыматка караганда, ак түстөгү минивэн машинасына отуруп качып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда«Колго түшүрүү» планы жарыяланды. Оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир нече версия каралууда. Окуя саясий өңүттө каралган жок. Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Ишти иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды» деп айтылат.

https://www.youtube.com/watch?v=AK1i4JS8u-M

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here