Чагылган: Жогорку Кеңештеги «Ата- Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Салянов киши колдуу болуп каза тапканы маалым болду.  Ал 42 жашта болчу. Аны Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнө түнкү саат бир жарымдарда беткап кийиген белгисиз адамдар кирип келип, атып кетишкен. Учурда бул иш боюнча кылмыш козголуп, Аламүдүн жана Октябрь райондук милициясы тергөө жүргүзүп жатат. Маркумдун билдирүүсүнө караганда курулачан адамдар үй ээсинен акча талап кылышканда, ал кармаша кеткен учурда, аны атып салышкан. Ал эми 17 жаштагы баласы үйдөн качып чыгып кеткен.

» Машиналардын ремонту менен алектенчү. Өзү менен өзү эле. Колдору дайыма мазут же боек болуп жүргөнүн көрөр элек. Динге берилген киши болчу, жубайы да намаз окучу. Эки кичинекей баласы калды. Үйүнүн курулушу бүтө элек эле”, — деп ал тууралуу адвокат Рахат  Жумаков sputnik.kg сайтына билдирген.  Белгилей кетсек, депутат Аида Саляновага жакында эле сот тарбынан өкүм чыккан.

https://www.youtube.com/watch?v=AK1i4JS8u-M&feature=youtu.be

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here