Япон режиссёрлору «Эр жүрөк Бороон» (Brave Storm) деген кино тартып, андагы түрү сууктарды «кыргыз» деп аташты. Андан мурун Кытай-АКШ кино жаратуучулары «Улуу Дубал» (The Great Wall) деген кино тарткан эле. Сценарий боюнча Улуу Кытай Дубалынын курулганы жөнүндө имиштин негизинде ар миң жыл сайын түрү суук келгиндер кол салып, айласы кеткен кытайлар дубал курат. Бирок, тарыхта кытайлар кыргыздан коркконунан дубал тургузган. Америкалыктар болсо кинолорунда орустарга, орус режиссёрлору кинолорунда немистер менен америкалыктарга асылып эле келишет. Бирок, мынчалыкка эч ким жеткен эмес. Биз деле мыкты кино жараткан режиссёрлордон куру эмеспиз.Бирок, эмнегедир биздин кээ бир терс жактарыбызды чагылдырган тасмалар чет жактарда сыйлык алып жүрүшөт. Албетте, терс жактар ар бир улутта бар, бирок айтаарым, улуттук духту даӊазалай турган учур эми келди окшойт. Реиссёрлор жапа тырмак киришип жакшы тасмаларды жаратпаса болбойт.

Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here