1. Сырткы келбеттин өзгөрүүсү.
Коркунучтуу угулат, туурабы? Ошентсе да, Стокгольмдагы Королин институтунун окумуштуулары изилдөөлөр натыйжасында тастыкташкан. 10 адам катышкан изилдөөдө ар бири 31 саат уктабай отурушкан. Ар бирин ар кандай саатта сүрөткө тартып алышкан. Жыйынтыгында, бардык катышуучулар оорукчан, маанайы жок, бактысыз абалда көрүнүшкөн. Ал эми көп убакыттан бери чала уйку болуп жүргөн адамдардын жүзү кубарып, эриндеринин бурчтары төмөн карап, көз алдында шишик пайда болуп жана башка өзгөрүүлөр болору бышык.
2. Мас абалда жүргөндөй. 17 саат уктабай жүргөн адамдын абалы канынын составында 0,05% алкоголь бардай болот. Бакшача айтканда, уйку канбагандык көңүлүн топтой албай, ой жүгүртүүнү начарлатып, жооп берүү реакциясы төмөндөйт.
3. Чыгармачылык жөндөмдүүлүк жоголот. Мисалы, сиз кандайдыр бир проект менен иштеп жатасыз, толук кандуу уктай албай жүрсөңүз жыйынтыгы сиз каалагандай болбой калат. Мындай чечим, 1987-жылы Британиялык психологдордун изилдөөсүндө чыгарылган. Изилдөө аскер кызматкерлеринде жүргүзүлгөн, 2 күн уктабай жүргөндөн кийин аскерлер туура багыт таба албай жаңы пландарды ойлоп табуу жөндөмдүлүгү жоголгон.
4. Кан басымы жогорулайт. Ошонтуктан кан басымы бар адамдар үчүн уйку режимин сактоо зарыл экенин эске салабыз.
5. Интеллектуалдык жөндөм төмөндөйт. Бир гана интеллект эмес, эс тутум да начарлайт. Бул иштеп жүргөн адамдар үчүн терс таасирин тийгизишине негиз боло алат.
6. Оору пайда болуу коркунучу бар. Уйку мезгилинде организмде цитокиндер(иммунитетти көтөрүүчү белоктор) көбөйөт. Булар вирус, микроорганизмдер менен күрөшүп, ооруларга туруктуулукту камсыздап турушат. Уйкусу канбай жүргөн адам ар кандай ооруларга бат кабылып, айыгуусун да кечеңдетет.
7. Тез картаюуга алып келет. Косметика каражаттарына каалаганча акча жумшап жаш жүрүүнү самасаңыз да эгерде уйку режими сакталбаган болсо баары пайдасыз. Уйкусу канбаган адам дайыма стресс абалда жүрөт, бул организмдеги кортизол гормонун көп өлчөмдө бөлүп чыгарат. Кортизол гормону тери майларын көп бөлүнүп чыгарылуусуна өбөлгө түзүп, теринин картаюусуна шарт түзөт.
Дайыма уйкусу канбаган адам өзүнүн жаш курагынан эки эсе эрте картаят.
8. Ашыкча салмак. Аз уктаган адамдар ашыкча салмак кошууга 73%га шарты жогору.
9. Тоңуу. Чала уйку зат алмашуу жүрүшүн бузуп дене табын төмөндөтөт. Мындай адамдар ар кандай температура алмашууларда бат тоңушат.
10. Психиканын бузулушу. Изилдөөлөр натыйжасында белгилүү болгондой, жакшы уктабаган адамдар кадимкидей адамдарга караганда 4 эсе психикалык ооруларга кабылышы мүмкүн. Мындай адамдар көбүнчө суицидке барышат.
11. Сөөктөр жабыркайт.
12. Эмоциалдык туруксуздук. Начар уктаган адамдар коркунуч жана тынчсыздануу сезимине көп кабылышат.
13. Жашоо узактыгы азаят. Бул организмде ар кандай процесстер начарлап, семирүү, алкоголь, ооруларга кабылышына себебинен болот.

Булак:Интернет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here