Чагылган: Орусиянын ИИМинде 2001-жылдан тарта иштеп баштаган полковник Димитрий Захарченконун алган айылыгы 70 миң рубль болгон. Ал 2016-жылы ИИМдин Коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда, 9-сентябрда коррупцияга шектелип кармалган болчу. Анын үйүн тинтүүдө 9 млрд.  рубль табылган. Ал кызмат абалынан миллиарддаган акчаларды мыйзамсыз таап, “ярый” коррупционерге айланган. Учурда анын чуулгандуу иши дагы деле бүтө элек.  Ал атагынан чатагы арбын полковник тууралуу тергөө иши аягына чыга элек. Экс-полковник тууралуу дагы да жаңы маалыматтар чыгууда. Маселен ага жана анын туугандарына тиешелүү болгон 374 млн. рубль, 140 млн ,2 млн. евродон ашуун акча, 13 квартира, 14 машина, дагы 4 кымабат машине, ошондой эле 1 кг. салмактагы алтын камакка алынды. Бул байлыктын баары жакында мамлекетке өтүшү мүмкүн. Ал тууралуу жалпы толук маалыматты береи тасмадан көрүнүз:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here