Азыр коомдо болуп жаткан жашы жете электердин арасында катталган кош бойлуулуктун келип чыгышы, эрте никелер, эненин, балдардын өлүмүнүн келип чыгышы көптөрдү ойго салса керек. Эрте турмуш куруп, же болбосо кандайдыр бир себептерден улам эрте кош бойлуу болгон секелек кыздардын эӊ негизги көйгөйү туурасында кеп козгогум келди. Мектептерде кош бойлуу учур катталса эле, директорду кызматтан алып, класс жетекчиге сөгүш жарыялап коюу менен маселе чечилбейт. Ошондуктан, андай учурлар кайталанбасы үчүн ар кимибиз өз колубуздан келген ишти жасап, андай иштердин алдын алсак жакшы болоор эле. Эӊ биринчи тарбиянын очогу болгон үйдө экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. Анан мечиттеги молдолор жашы жете электерге нике окуганды токтотсо жакшы болоор эле.

 Эрте турмуш курган кыздардын көбү окуусун улантпайт

Турмушка чыккан кыздар окуусун эрте токтотуп гана тим болбостон көп учурда кайра окуусун улантышпайт. Билим албагандыгына байланыштуу эч бир адистикке ээ болбой, натыйжада кара жумуштарда, эң аз айлык алган жайларда иштешет. Жашы жете элек жубайлардын көбү жакырчылыкта мааанисиз жашоого туш болушат. Зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылышат. Организм жакшы өрчүй электе кош бойлуу болгон эне сөзсүз түрдө ден соолугу начар бала төрөйт. Аны медицинада дайыма айтып келишет. Кыргыз Республикасында болсо жашы жете электердин катышуусу менен болгон никелер бардык аймактарда, үй-бүлөнүн жашоо абалынын деңгээлине карабастан бардык этностук топтордо кездешет.

Социалдык жетимдердин саны өсүүдө

Азыр мектеп жашындагы кыздардын кош бойлуу болгон учурлары көп катталып жатат. Андай учурда кош бойлуу кыздын ата-энеси менен баланын ата-энеси сүйлөшүп, балдарды үйлөнтүп койгон учурлар да аз эмес. Мына ошондой үйлөнүүлөрдүн айынан жаш курулган үй-бүлө эрте ажырашып, социалдык жетимдердин саны өсүп жатат. Кыргызстанда жетим жана кароосуз калган балдарды камкордукка алган ондогон мекемелер бар. Мындай жайларда тарбияланып жаткандардын дээрлик 80 пайызы социалдык жетимдер болуп саналат.

Эрте төрөгөн эне эмчек рагына чалдыгат

Өзү бала болуп туруп, эрте эле эне болгон кыздар, биринчиден өзүнүн ден соолугунан ажырайт. Себеби, 18 жашка толо элек кыздын организми толук жетиле элек, эне болууга даяр эмес мезгил. Маммологдордун айтымында, эрте төрөп, эрте эмчек эмизген энелердин дээрлик көбү эмчек рагына чалдыгат. Андан сырткары, энелердин өлүмү, наристелердин өлүмү менен аяктаган учурлар абдан көп.  Эрте никеге туруу улуттун генофондуна коркунуч келтирет. Бул майып балдардын көп төрөлүшүнө алып келет. Кыргызстанда энелердин өлүмү бүтүндөй Евразия боюнча жогору болуп саналат. Республикада  төрөгөн миңдей аялдын 66сы көз жумат. Ал эми ымыркайлардын өлүмү миң балага 35и туура келет.

Мыйзамда кандай?..

Кыргыз Республикасында балдар жөнүндө кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан 18 жашка толо электер жашы жете электер деп таанылат. Бирок, жүйөөлүү себептердин болушунда никеге турууну каалаган адамдардын жашаган орду боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарууунун аткаруу органдары ал адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча айрым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жаштан төмөндөтүп берүүгө укуктуу.

КРнын Кылмыш жаза кодексинин 155-1-беренеси. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндөгү мыйзамды бузуу

Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошого тете жашы жетпеген менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган жашы жеткен адам 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here