Буга чейин Билим берүү жана илим министри  Гүлмира Кудайбердиева мектеп окучуларынан буга чейин чогултулуп келген ар кандай төлөмдөр, болбогон шылтоо үчүн жыйналып алынган акчалардын баары  токтотулат деп билдирген. Билдиргени курусун, ал созулган  айымдын ал “сонун” кеби сөз бойдон эле калыптыр. Учурда дээрлик баардык эле мектептерде мурункудай эле сопсонун акча чогултулуп жатат. 4-5тен баласы бар ата-эенелер  ыйлап сыктап жылына майда-чүйдөсүн кошпогондо бери жагы 10-15 миң сомду балдарына беришет. Бербесе, 4 төрт бала төрт дубалды карап, оркестр менен концерт койгондо, же башка талаптарды койгондо, жаныңды коёрго жер таппай, тыбырчылап каларың чын. Министрлер элге жагуу үчүн ооздорун чоюп, ушундай жакшы кептерди айта беришет, же анысы ишке ашсачы. Кыскасы, кызы талак мугалимдериң байкуш балдарды көп учурда баланчага, түкөнчөгө мынча сом алып кел деп кыйнай беришет. Балдар болсо ата-энесине келип, колуна акча алмайынча коколоп ыйлай беришет. Эми мектептерден чогулган ошончо миллиондогон акчалар максаттуу пайдаланып жатабы? Же директорлордун, айрым мугалимдердин чөнтөгүн ысытып, кутуртуп койдубу? Андай болсо алганыңар ылайым аш болбой, таш болуп калгсын дейли. Анан ошол таш айланып келип башыңарга тийсе экен.

Же сулуу министр эжебизге ата-энелердин айтканы жетпейт экен, жетсе да, андай сөздөр суу кечпейт экен. Айтор, муну министр айым чече албай калды. Өкмөт деле өзгөчө мамиле кылып жибербес. Андыктан кызматтан кетерине бир ай калган ажобуз Атамбаев 1 ай ичинде жеке көзөмөлгө алып чечип кетсе, ата-энелер ак батасын берип, алкап жатып калышмак…

Булак: Багыт кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here