Акыйкат сынга «күптү» болгон Назарбаев, эки элдин ортосуна шынаа каккысы келеби?..

Кыргызстан менен Казакстандын чиеленишкен чек ара көйгөйү жакын арада чечилчүдөн эмес. Казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин чыркыраган чындыкты айткан ачуу сынын сиңире албай, катуу күптү болгон экен. Болбосо «чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» болуп, шылтоо таппай араң эле турганбы, жеке таарынычын эзелтеден иригелеш жашаган эки элди ынтымагына шынаа кылып кагып, сый-урмат, алака мамиледе болгон боордоштордун ортосуна жик салбайт болчу.
Дегеним, жеке керт башынын таарынычын эл аралык деңгээлге алып чыгып кыр көрсөтүү кеменгерликтин белгиси эмес. Жол бууган жаратканга жакпаган иш. Мусулманчылыкта дагы чоң күнөө. Журт башчысы кекчил эмес, кечиримдүү, көсөм болуш керек эле. Акыйкат айтылган сынга теригип чек араны жаап, илгертеден салт-санаасы бир, кулк-мүнөзү окшош эки элди кыйноого салуу менен Кыргызстандын жетекчилерин туңгуюкка кептеп, табасы кана кечирим суратып маселе чечкиси келгени аброй алып келбейт. Сыягы, «карыганда адам жаш баладай болуп калат» деген чын белем…
Бирок канткен күндө да, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кандай максатты көздөп үстөмдүк көрсөтпөсүн, күч менен маселе чечем десе жаңылышат. Президент Алмазбек Атамбаев айтмакчы, «иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар». Кыргыз – какайганга какайган, ийилгенге ийилген, эч качан чөгөлөп жашаган эл эмес. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат”. Бул дүйнөгө устун болгон жан жок. Чек ара түбөлүк жабылбайт. Күнүмдүк оорчулук өтөт-кетет. Демек кара курсактын кайгысын эмес, кыргыз мамлекетинин беделин, намысын ойлоп иш кылчу учур келди. Качанкыга чейин коңшулардын «силердин айгыр кишенеп, биздин бээлерди кулун салдырып салды» деп айыпка жыккысы келген жоруктарына макул боло беришибиз керек?!. Акыры «жумурткадан кыр издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып» үстөмдүк көрсөткөндөрдү болду жетишет, токтот дешибиз керек да. Мурдубузга бок сүртүп келеке кылса деле үн ката албай ыржайып тим болушубуз, «кырылган сайын кычаган, түгөнгөн сайын түтөгөн» намыс үчүн жан берген кыргыздын нарк-насилине жатпайт.
Мына ушул ракурстан алганда, президент Алмазбек Атамбаевдин тутунган позициясы колдоого арзыйт. Атамбаевдин айтканы акыйкат болгон үчүн Казакстандын миллиондогон эли колдоп, кубаттап жатат. Биздин президенттер тең ата мамиле түзө алышпайт, «башына кашык ойнотсо» да кыңк дешпейт деп намыстанып, арданчу элек го. Мына Атамбаев андай терс көрүнүшкө чекит коюп, «сыйлаганды сыйлаймын, сыйрыганды сыйрыймын» деп кыргыздын көкжал мүнөзүн көргөзүп койду. Эми ушуну да жактырбай, Назарбаевге акараат айтып койду деп сынга алып, жер муштап жатабыз. Деги бизге эмне жагат? Ырасында, Атамбаевдин минтип Кыргызстан менен башка өлкөлөр тең ата мамиледе сүйлөшсүн, улуу агалык кылган үстөмдүк саясатын токтотсун деген аракетин колдоп, кубатташыбыз парз. Андыктан «өз агасын агалай албаган, бирөөнүн эшигин сагалайт» болгонду коёлу. Өзүбүздү-өзүбүз сыйлап, колдоп, коргой албасак, өзгөлөр бизди сыйлабайт.
Ток этээрин айтканда, сүр-сөөлөт көргөзсө эле сынып берген акылга сыйбайт. Айрым кул мүнөздөр же жасалма дипломаттар айткандай, «алардын экономикасы кубаттуу, армиясы күчтүү, тирешкенде биздин колдон эмне келмек эле, жуурканыбызга карап бут сунбайбызбы, мурдубузга ченеп бышкырып, жылкыбызга карап ышкырбайбызбы» деген өңдүү байкуш болгонду токтотолу. Эгер бул көз карашты кармансак, өмүр бою кулдук урушубуз керек болот?!Азыр заман талабы башка. Басып алат деген түшүнүк абсурд. Эл аралык абройлуу уюмдар, мамлекеттер тиктеп турат. Арыбызга келип, намысыбызды ойготолу. Кыргызстандын экономикалык жактан кубаттуу, бакубат өлкөгө айланышы үчүн, армиябыз ар кандай күчтөргө туруштук бере алчу күчтүү болушу үчүн, ар бирибиз жапа тырмак аракет кылып, салымыбызды кошууга милдеттүүбүз. Ал үчүн кул мүнөздүктөн арылып, биринчи оюбузду тазартып, ниетибизди түздөйлү.
Чын-чынына келгенде Казакстандын чек араны жапканы бир четинен жакшы болду. Мындай ыплас ыкма биринчи жолу болуп жаткан жок. Мындан ары да боло берет. Бул тескери көрүнүштүн жакшы жагы – Казакстанды тиктеп отура бербей, альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү кароого, туюктан жол издөөгө шарт түзөт. Алмустактан берки табияттын мыйзамы ошондой. Адам баласы качан гана туюкка кептелгенде, андан чыгуунан жолдорун караштырат. Өзгөчө жамбаштап жатканды жакшы көргөн кыргыздар. Изденүү болуш үчүн тоскоолдуктарга кабылыш керек. Бир орунда көлчүк болуп акпай калган суу сасып, жыттанып кетет. Канча жылдан бери көлчүк суудай болуп акпай турдук. Көлчүктү жырып, тазаланып, жаңы нук издөө аракети дээрлик болбоду. Коңушулар акпай сасып, жыттана берсин деп, жырып чыкчу жээктерди улам бекемдеп, Кыргызстандын кылт эткен ички ишине, саясий-экономикалык чечимдерине кийлигишип келди. Эми бул көрүнүштөн кутулчу мезгил бышып жетилди. Көлчүк болбой агалы. Тазаралы. Бирде жарга, бирде ташка урунуп, бирде аркы жээкке, бирде берки жээкке сүрүлсөк да, өзүбүздүн жолду, чыйырды табалы.
Президент Алмабек Атамбаев 27-октябрда чет элдик дипломаттарды кабыл алып, ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде: «Кыргызстан ЕАЭСтен көп нерсе үмүт кылган. Тилекке каршы, үмүт акталган жок. Биз башка рынок издөө жолун ойлонушубуз керек. Маселен, Кытай, Өзбекстан» деген мааниде айтты. Чындыгында, Кыргызстан ЕАЭСге саясий басым, кысымдын негизинде, аяк-башын жыйып үлгүрбөй шашылыш кирип алганын моюнга алыш керек. Башка жол жок эле. Арийне изоляция болуп калбаш үчүн уюмга кирүүдөн башка чарабыз жок болчу. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, Россия менен Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынбай жаткан кезде ЕАЭСти түзүшкөн. Силер кабыл албасаңар, биз өзүбүзчө экономикалык уюм түзөбүз, ДСУнун талаптарына же эрежелерине атаандаш же карама-каршы тарифтик механизмдерди киргизебиз деген максат болгон. Кийин Россия да, Казакстан да ДСУга мүчө болушту. Натыйжада, ЕАЭС Россия үчүн мурунку Советтер союзунун учурундагыдай көзмөлдү кайтарып келүүнү көздөгөн уюмга айланса, Казакстан үчүн өз өлкөсүнүн ички рыногун (мезгил-мезгили менен ар кандай шылтоого такап чек ара көзөмөлүн күчөтүү аркылуу) жасалма жол менен болсо да коргоого мажбур кылган уюмга айланды. Мунун кесепетин 150 миллион адамга багытталган рынок ачылды деп сүйүнгөн, экономикасы жаңы өнүгүп келе жаткан Кыргызстан тартууда. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев ушундан улам ЕАЭСге арткан үмүт акталбаганын билдирип, Кытай, Өзбекстанга товар экспортоо зарылдыгын, Тажикстан, Иран, Пакистан аркылуу Индияга чейин чыгуу керектигин белгилеп жатат. Бул да болсо туңгуюктан жол издөө. Эгер аталган алтерьнативдик жолду бир нукка сала алсак, Казакстанга болгон транспорттук жактан көз карандылык дээрлик жоюлат. Кыргызстан экономикалык блокададан автоматтык түрдө кутулат.
Бүгүнкү учурда Өзбекстан айыл чарба продукцияларынын бардык түрүнө муктаж. Анткени Өзбекстанда экономикалык багыт катары пахта өндүрүү биринчи орунда турат. Айыл чарба жерлеринин басымдуу бөлүгүн пахта аянттары ээлеп жатат. Мал чарбасын өнүктүрүүгө Кыргызстандагыдай шарт жок. Ал эми 1 жарым миллиарддан ашык калкы бар Кытай мамлекети үчүн азык-түлүк, айыл чарба продукцияларынын бардык түрү таңсык. Эки тараптуу келишимдердин түзүп, экспортту көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү. Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын алууга коңшулар кызыкдар. Болгону биз алар талап кылган көлөмдө продукция өндүрүү жагын ойлонушубуз зарыл.
Азыркы тапта эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар, логистикалык борборлор курулуп жатат. Демек, эми биз ири көлөмдө айыл чарба продукцияларын өндүрүп, Кытай менен Өзбекстанга экспорттоо жагына басым кылышыбыз шарт. Ал үчүн айыл чарба тармагын көтөрүү багытында мамлекеттик деңгээлде масштабдуу экономикалык программаларды иштеп чыгып, акча каражатын аябай бөлүш керек. Айтор экономикалык блокададан чыгуунун жолун издебесек, Казакстандын кодулоосуна кабыла беребиз.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here