Кыргызстандын 22 жаштагы жараны Ш.Б. Түркиядагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалым болгондой, кыздын апасы жардам сурап кайрылгандан кийин элчилик Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышкан. Учурда элчилик кызды мамлекеттик ооруканалардын бирине которуу аракетин көрүп жатат.
Мурда теле алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык 22 жаштагы Ширин Бейшембекова Түркиянын Денизли шаарындагы оорукананы жандандыруу бөлүмүндө 45 күндөн бери жаткандыгын жазган. Кыздын бөйрөктөрү иштебей калып, ооруканага түшкөн.


Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here