Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маселесин талкуулап жатып, 2016-жылы кыргыз киносуна канча каражат бөлүнүп берилгенин сурап, бул маселе боюнча жалпы коомчулукту кызык маалыматка күбө кылды. Министр былтыр киного жалпысынан 73,6 млн. сом бөлүнгөнүн, анын 35 млн. сому каралып берилгенин, калган 38 млн. сомун кинодепартаменти иштете албаганын, же башкача айтканда киного сарптабай турганын билдиргендиктен улам берилбегенин айтты. Мына кызык, киночуларыбыз, жалпы эле режиссёрлорубуз кино тартууга акча таппай, көрүнгөн байдын эшигин тытып, демөөрчү издеп байкуш болушуп, азап тартып жүрүшсө, кино департаменти, анын башчысы Мукталы Бектеналиев деген неме мамлекет кино үчүн бөлүп берген белен акчаны тыңдап иштете албай жүдөп турат. Садык Шернияз кыргыз мамлекети азырынча дүйнөгө бир гана  мыкты тартылган кинолор менен гана сыймыктанып жатканын баса белгиледи. Туура, Садык мырза. Бирок  Маданият министрлигине караштуу кино департаментин көп жылдан бери жетектеп, бул тармакты коррупцияга батырып, өзүнүн артынан ар кандай  ушак кептерди ээрчиткен Бектеналиев деген немени убагында сиз да колдогонсуз, ал да сиздин жердеш “шестёркаларыңыздын” бири. Эмне үчүн ошол иштеп жыргатпаган Бектеналиев досуңузду кызматтан кетирүүгө, жоопко тартууга көңүл бөлбөйсүз. Деги эле Маданият министрлиги менен Т. Океев атындагы улуттук Кыргызфильм ишканасынын ортосуна кыпчылып акча жасап келаткан кинодепартаментинин эмне кереги бар? Ал департаментти эчак жоюш керек болчу. Пайдасына карганда зыяны арбын. Ошондуктан депутат катары бул маселени ЖК жыйынына алып чыгыңыз, эркиңиз жетсе…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here