Жаңгактардын ар кандай түрлөрүн жеген адамдар ашыкча салмак кошпойт. Эл аралык окумуштуулардын жүргүзгөн чоң масштабдагы изилдөөсү European Journal of Nutrition журналына жарыяланды.
Окумуштуулар Европанын бир нече мамлекеттеринде 25 жаштан баштап 70 жашка чейинки 373 миңден ашык адамдын тамактануусу, ден соолугу жана жашоо образы тууралуу изилдешкен. Бул адамдарга 5 жыл бою байкоо жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн катышуучулары аталган убакыт аралыгында орточо эсеп менен 2 кг салмак кошушкан. Бирок, жаңгактын көп түрүн — бадам, мисте, фундук, жер жана грек жаңгагын жеген адамдар такыр өзгөргөн эмес же аларда бир аз гана ашыкча салмак пайда болгон. Ал эми, такыр жаңгак жебеген адамдар ашыкча салмакка ээ болушкан. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгында жаңгакты сүйүүчүлөрдө ашыкча салмак кошуу жана семирүү коркунучу аны жебеген адамдарга караганда 5%га төмөн экендиги аныкталды.
Буга чейинки жасалган изилдөөлөрдө жаңгактар өзгөчө улгайган адамдарга пайдалуу экендиги тастыкталган. Жаңы изилдөөнүн авторлорунун бири Жоан Сабатенин (Joan Sabaté) айтымында, ар бир адам жашына карабастан жаңгак жеп турушу керек. Анткени анда пайдалуу майлар, белоктор, витаминдер жана минералдар бар. «Ар бир тамак-ашка жаңгак кошкула. Алар адамды абдан ток кармап, күч-кубат берет», — деди ал.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here