Учурда алкоголизм күч алып жаш балдардын аракка берилүүсү көп катталууда. Наркологдордун айтымында алкоголизм бул – үй-бүлөлүк оору. Күйөөсү же баласы ичип келсе, үйүнөн чыр чыгарат, аны менен үй-бүлө мүчөлөрү кошо стресске чалдыгат, психикалык жактан жабырланат. Унаа кырсыктарынын көбү да дал ушул арактын айынан болгондугун ИИМ кызматкерлери да айтышууда. Жаш жигит, жаш кыздардын кыйшайып көчөдө жатканын көргөндө зээниӊ кейип кетет. Мына ошол алкоголизмди үй шартында жоюу үчүн кандай азыктарга басым жасоо керектиги тууралуу бир аз кеӊеш берүүнү туура көрдүк.

Аракка чыланган лавр жалбырагы

2 даана лавр жалбырагын бир стакан аракка чылап коюу зарыл. Лавр жалбырагы кескин даамга жана жытка ээ.

Бир нече сааттан кийин лавр жалбырагы чыланган аракты ичүү адамдын көңүлүн айлантып, иренжитет.

Аракка жакын киши балды көп жеши керек

Алкоголизмди бал менен дарылоого да мүмкүн. Ичкиликке тартылган адамдардын организмине калий жетишпейт. Ал эми бал калийге бай. Ичкиликке жакын адам балды мүмкүн болушунча көп колдонуу менен организмине жетишпеген калийди толуктайт да, бара-бара алкоголго тартылуусу солгундай баштайт.

Ат кулактын тамырын кайнатып ичсе да арактан алысыраак болот

Бир нече күн бою арактан башы чыкпай калган адамдарга ат кулактын тамырынын маңызын берүү натыйжалуу. Бул маңызды жасоо үчүн ат кулактын майдаланган тамырынан 1 чоң кашыкты алып, 1 стакан ысык сууга салып 15 мүнөт кайнатуу керек. Капкагы жабык идиштеги жай отто кайнаган маңызды 2-4 саат тыныктыруу зарыл. Андан соң тундуруп, 1 чоң кашыктан 1 айдай убакыт күнүнө 5-6 жолудан ичиш керек.

С,Е,В витаминдери эӊ мыкты натыйжа берет

С,В,Е витаминдерине бай азыктарды жана чычырканакты пайдалануу менен ичкиликтен арылууга болот. Медицинада да алкоголизмди курамында чычырканак бар дарылар менен дарылоо сунушталат. Чычырканак мөмөсүнөн сырткары жалбырагынан чай демдеп ичүүгө да болот. Ал үчүн жалбырагын жайдын экинчи жарымында терип алып, караңгы жерде кургатуу керек.

Алманын кычкылы да арактан алысыраак болгонго жардам берет

Күн сайын кычкыл сорттогу алмадан 3-4төн жеп туруу да адамды ичкиликтен алыстатат. Ошол алмага бир нече темир мыкты сайып түнү менен калтырып коюп, эртең менен алып таштап жесе андан да жакшы жыйынтык чыгат. 6 жумага созулуучу мындай ыкма жөнөкөй адамга түшүнүксүз, бирок элдик дарыгерлер дал ушундай алма ичкиликтен жакшы айыктырарын баса белгилешет.

Аракты биротоло таштайм дегендер кайыӊдын жыгачынын түтүнүн көп жытташы керек

Кайыңдын жыгачына шекерден себелеп күйгүзөсүз. Бир нече убакыттан кийин отту өчүрүп, андан чыккан түтүндү жыттоо көңүлдү айлантып, акырындап ичкиликти биротоло таштоого жардам берет.

Самара САЛАМАТОВА

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here