28-октябрда Россиянын Подольск шаарында кикбокс жана тайбокс боюнча эл аралык Grand Prix Russia Open — Region 150 турнури өттү. Анда жалпы 11 беттеш өттү. Алардын арасында эң негизги беттеш 71 кг салмактагылар кыргызстандык Дастан Шаршеев менен Россиянын аталган турнир боюнча 3 жолку чемпиону Иван Семиглядовдун ортосунда болгонун  turmush.kg сайты жазып чыкты . Мушкер Шаршеев аталган сайтка төмөнкүлөрдү айтып берген:
«Турнирдин регламенти боюнча биз 3 раунд өткөрдүк. Мен күчтүүрөөк болуп аны жеңдим. Бирок калыстар мага жеңишти бергиси келбей, тең-тең деген чечим чыгарып, эксра-раунд дайындашты. Анда да мен күчтүүрөөк болдум. Бирок калыстар тең-тең чыгышты деген чечим чышарышты». Мына ушундай. Белгилүү болгондой Дастан үчүн мындай нерсе Россияда экинчи ирет кайталанууда. Буга чейин татыктуу жеңишин орустар тартып алышкан. Бирок кайра реваншта «жасалма» чемпиондун жазасын берип, намысты кайрыган болчу.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here