Жакында Памирден өз элине келип кубанып турган боордоштордон сүйүнчү! Дегеним 38 жаштагы Маматзаир кызы Жамбүбү көз жарып, келген 33 адамдын катары дагы бир адамга толукталды. Баласы менен борборубуздагы Эне жана баланы коргоо борборунда жаткан эненин абалын сурап кайттык.

– Бешик бооңуз бек болсун! Канчанчы балаңызды жарык дүйнөгө алып келдиңиз?

– Бул менин онунчу балам болду. Бирок жашап кеткенинен төртүнчүсү болуп калат. Улам төрөгөн сайын балдарым 1-2 ай, эң көп дегени сегиз ай жашап, андан кийин ооруп чарчап калып атып алты баламдан ажырагам. Азыр төрт балам бар, бирок төрт балам бар деп айтпайм. Күйөөмдүн мурунку каза болуп калган аялынан үч баласы бар, ошолорду кошуп: “Жети балам бар”, — деп айтам. Улуу кыздарыбыз турмушка чыккан. Кийинкиси 15 жашта, өзүм төрөгөн кызым 10, балдарым 8 жана 5 жаштарда. Азыр уулдуу болдум.

– Наристенин ден соолугу кандай?

– Уулум айына жетпей 34 жумалык болуп төрөлдү. Кыргызстанга келем деп жолдо көп кыйналып калдым. 5 күн ат менен жол жүрдүк, ошондо ичим ооруп баштаган. Нарынга келип тогуз күн тургандан кийин ичим ооруп басылбай, анан Бишкекке алып келишти. Ушул төрөт үйүндө көз жардым. Бул жакта силердин жашооңор жакшы турбайбы, ооруканаларыңар бар, дарыгерлер мыкты карашат экен.

– Мурдагыларыңызды кантип төрөчү элеңиз?

– Айызыбыз келбей калганынан улам 1-2 айда кош бойлуу экенибизди билебиз. Оорукана деген жок да, күчтөп тамак ичип жүрө беребиз. Толгоо келген күнү кошуналар бирибизди бирибиз төрөтүп алчубуз. Мен азыр өзүм эле олтуруп төрөп алам, үйдөгү бала-чакам же күйөөм баланын киндигин кесип берет, болду. Бизде көп аялдар төрөттөн каза болушат. Мени бул жерде толук текшерүүдөн өткөрүп, ден соолугум жакшы экенин айтышты. Бизде аба таза, күчтүү тамактанабыз, көбүнчө эт жейбиз. Балдарды бешикке бөлөйбүз.

– Кыргызстанга үй-бүлөңүз менен келдиңизби?

– Ооба, күйөөм, беш балам, улуу кызым, күйөө балам болуп келдик. Кыргызстанга балдарыбызды окуталы деп келдик. Ал жактагы элдер: “Силер барып, балдарыңарды окутуп, жашап көргүлө. Эгерде бизди да каалап алса кетебиз, болбосо кайтып келгиле”, — деп жиберишти. Биздин Кыргызстанга абдан келгибиз келип келдик. Бул жакта жашап калгыбыз келип атат. Бирок Памирде калган туугандарыбыздын баары келишсе жакшы болмок, болбосо аларды сагынып кыйналабыз. Алар келип үй берилсе, өз элибизге аралашып жашайт элек. Бизде Кыргызстандын каналы тартат, теле аркылуу силерде эмне жаңылык болуп жатканын тынбай көрүп турабыз. Менин көз жарганымды да туугандарыбыз көрүп атышыптыр, телефон чалып айтышты. Биз теледен айтыштарды абдан жактырып көрөбүз. Элмирбек, Жеңишбек, Аалы, Азамат, Максаттарды жакшы тааныйбыз. Казак акындары менен аябай айтышышат го.

– Кыргызстанга келгенден бери сизди эмнелер таң калтырып атат?

– Жашоолоруңар жакшы экен, оорукана, мектептер таң калтырды. Анан да баарыңардын укугуңар тең экен, кары-жаш дебей тартынбай оюңарды айтып, тең сүйлөшөт экенсиңер. Бизде чоңдордун алдында жаштар үн катпайт. Аял менен эркек да тең укуктуу экен, бизде аялдар эркектен ылдый турат. Күйөөбүз эмне десе, ошону кылабыз. Бизде уруш-талаш, эркек аялга кол көтөрүү, ажырашуу деген таптакыр жок.

– Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз эле?

– 16 жашымда бата кылып, 18 жашка чыкканымда турмушка чыктым. Бата кылып дегени кудалап коёт. Кудалагандан эки жылдан кийин анан үйлөнөбүз. Жогоруда айткандай, күйөөмдүн аялы өлгөн экен, үч баласы менен 18 жаштагы мени алган. Азыр 38 жаштамын.

– Сиздерде кыз-жигит сүйлөшөбү же баары кудалап коюу жолу менен турмуш курушабы?

– Кыз-жигит сүйлөшөт деген жок, ата-энелери карап эле кудалап, үйлөндүрүп коюшат. Бизде мурда кыз көп болчу экен, азыр кыз аз, андыктан тапканы үйлөнүп, таппаганы бойдок жүрө берет. Бизде кыздар 15-16 жаштан өйдө турмушка чыгышат. Кыздын калыңына сөзсүз 100 кой жана чоң бодо мал аралаштырып көп мал берет. Андай калыңсыз, эч ким кызын бербейт. Колунда жоктор калыңсыз эле бири-биринен кыз алышып кутулушат.

– Сабатыңыз жоюлду беле?

– Балдар фарс тилинде окушат, аялдар болгону Куран үйрөнүшөт, окушпайт. Мен да Куран үйрөнгөм. Акча санаганды билем, бирок тамга тааныбайм.

– Ооруганда эмне кылып дарыланасыздар?

– Жаш балдарга тумоо тийди дейбиз, жөтөлүп эле каза болуп калат. Менин алты балам ошентип каза болгон. Бизде дары деген жок. Бала ооруса эмизе беребиз, жашаса жашап кетти, жашабаса оорудан каза болуп калат. Бала жоготуу кыйын, ыйлап-ыйлап жатып калабыз да, бир жылдан кийин унутуп каласың. Өзүбүз дене табыбыз көтөрүлүп оорусак тузу жок аш кылып ичип, суукка кайнатма шорпо ичип айыгып алабыз. Тишибиз оңой менен оорубайт, эгерде ооруса чайга мурч кошуп ичип коёбуз. Тамак ооруга да мурч жакшы.

– Аялдар косметика колдоносуздарбы?

– Жок, болгону бетибизге бет май коёбуз болду. Ооганстандан соодагерлер баарын алып келишет, малга керектүү нерселерди алмаштырып алабыз. Бизде акча эмес, мал менен соода кылабыз.

Булак: Леди.кг. Динара ЧОКОЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here