Жыпжылуу үй, ысык мештин үстүндө жан-алы калбай кайнап жаткан чайнек. Ары-бери басып, күнүмдүк түйшүк менен алышып үйгө кирип-чыгып жүргөн апам. Көзүмдү ушалап ойгоноорум менен эле сыналгыда “Замана” студиясынын супсулуу алып баруучулары элдин таңкы маанайын көтөрүп жаткан болот. Бул менин балалык сезимимде калган эң сонун эскерүү. “Замана” студиясын көрүп бойго жетип, ошол алып баруучуларды карап түздөнүп, алардан далай сабак алдык. Мына ошондой мага окшогон далай жаш жеткинчектерге күзгү болуп жүргөн, аталган студияда көп жылдан бери эмгектенген супсулуу алып баруучу Нуркыз Караева менен маек курдук.

— Нуркыз айым, түз эфирде алып баруучу болгонуңузга бир топ убакыт болуп калды. Окшоштуктан качуу үчүн идеяны кайдан аласыз?

— Туура айтасыз. Күн сайын түз эфирге чыккан алып баруучулар бирдей калыпка түшүп албаш үчүн ар дайым жаңылануунун, жаңы идеялар менен чыгуунун жолдорун издешибиз керек. Ар бир эфирге биринчи жолу чыгып жаткандай даярданабыз. Себеби мурда таңкы берүүлөр аз гана телеканалдардан берилсе, азыр санариптик берүүгө өткөндөн бери ар бир каналдын өзүнүн түз эфирдеги таңкы берүүлөрү бар. Мындай учурда атаандашуунун болуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз ошол атаандашууга туруштук берип, башкалардан өзгөчөлөнүп туруш үчүн сиз айткандай идеяларга бай болушубуз керек. Биз башкалардан эмнебиз менен айырмаланабыз? Алып баруучулук деңгээлибиз, жасалган сюжеттерибиз менен айырмаланып турабыз да. Андыктан өзгөчө сапаттуу эфирди алып чыгуу үчүн күжүрмөн эмгек кылганга туура келет.

— Өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыгыңыз бар?

— Жеке чыгармачылыгымда чоң жаңылыгым бар десем да болот. Илимий жаатта эмгек жаратсамбы деп, буга чейин командировкаларда жүргөндө өзүмө материал топтоп жүргөн болчумун. Таңкы берүүлөр боюнча агартуу тармагында бир илимий эмгек жаратайын деген изги тилегимди ишке ашыруунун аракетинде жүрөм.

— Демек бул кандидаттык иш?

— Ооба, кандидаттык иш. Ага бир топ материалдарды топтоп койдум. Эми аны кагазга түшүрүү үчүн убактымды бөлүп, ошол иштин аягына чыксам деп аракет кылып жүргөн чагым. Негизи таңкы көрсөтүүлөр боюнча буга чейин көлөмдүү, кененирээк илимий иш дээрлик жокко эсе экен. Жеке эле кыргыз телевидениясынын таңкы берүүлөрү эле эмес, деги эле жалпы таңкы берүүлөрдүн даярдалуусу тууралуу чет өлкөлүк онлайн режимдеги берүүлөрдү да салыштырып, бир чоң эмгек жаратып койсокпу деген тилекти ишке ашыруунун аракетиндемин. Бул тууралуу маалыматтар өтө аз болгондуктан, чет жактан да булак издеп жатам.

— Негизи кыргыз телевидениесинде иштеп жатканыңызга канча болду?

— Жалпы жолунан телевидениеде иштегениме билинбей эле 10 жылдын жүзү болуп калыптыр. Ал эми таңкы “Заманада” алып баруучулук кесипти аркалап келе жатканыма 5-6 жылдай болуп калды.

— Алып баруучулукка атактуу болууну көздөп келдиңиз беле?

— Негизи мындай ой менен телеге баруунун өзү мүчүлүштүк. Азыркы жаш алып баруучуларды карап туруп, биздин убакта телеге чыгып эле жылдыз болуп кетишти көздөө дээрлик жок болчу экен да деген ойго келесиң. Азыркы муун шак эле келип кайсы бир көрсөтүүнү алып барып, тележылдыз болууну көксөшөт экен. А биздин убакта оболу текст жазганды, суроо бергенди үйрөнүп, тажрыйба топтоп такшалып, анан барып түз эфирге чыкчу элек да. Менин устатым Тамара Жаманбаева суроону өзү жазып түшүндүрүп, анан эфирге даярдап чыгарчу. Алып баруучулукка даярдануу көп критерийлерден турат. Ал сүйлөгөн сөзүңдөн баштап, кийинген кийимиң, отурушуң, кыймыл-аракетиңдин баарын калыпка сала турган чоң мектеп.

— Ушунча жылдан бери тажрыйба топтоп деле калсаңыз керек. Кээде түз эфирге кагаз жазып даярданбай эле чыгып кеткен учурлар болобу?

— Башкаларда билбейм, бирок ушунча жылдан бери түз эфирде алып барып жүрсөм дагы, мен ар дайым эфирге чыгаарда даярданып, кагазга жазып алам.

— Ар бир сөзүңүздү жазасызбы?

— Ооба, эмне сүйлөй турган болсом, ар бирин толук бойдон кагазга жазып алам. Эфир учурунда ошол жазгандарымдын айрымдары айтылбай деле калышы мүмкүн. Бирок менде текст сөзсүз түрдө колумда даяр турат. Анткени түз эфир, режиссёрлук пульт, компьютердик техника баары бир техникалыгына салат. Дегеним, техникага ар дайым ишенбеш керек. Кээде ар кандай болуп калышы мүмкүн да. Свет өчүп калышы, жабдуулардан кайсы бири бузулушу мүмкүн дегендей.

— Ошондой учурларга туш келдиңиз беле? Кырдаалдан кантип чыгуу керек мындай учурда?

— Мына ошондой нерсеге бизди устаттарыбыз даярдаган. Андай кырдаалдар көп болгон. Бирок биз аны телекөрүүчүлөргө билгизбей өткөргөнбүз. Бул ошол биздин топтогон тажрыйбабыздын үзүрү десек да болот. Эгер бизди устаттар мындай кырдаалдарга даярдабаганда, түз эфирде кырдаалдан чыга албай, анык жүзүбүз, деңгээлибиз жумурай журтка маалым болмок да.

— Айрымдары эсиңиздеби ошондой учурлардын?

— Негизи көп эле болгон. Маселен айт намазында түз алып көрсөтүү бар эмеспи. Аны биздин студиянын коштоосунда элге жеткиребиз. Алар түз эфирде улам бизге саат 8де же 9да өтөбүз деп айтып турушат. Бир курдай ар кандай шарт болуп калып, 30 мүнөт кечигип чыгышты. А биздин программа 30 мүнөттүк эфирди даярдаган эмес. Тагыраагы мейман же сюжет менен толтуруу пландалган эмес. Мына ошондой учурда телекөрүүчүлөргө эч сыр алдырбай, 30 мүнөт бою айт жөнүндө, ыйман жөнүндө, кыргыздын нарктуулугу, мусулманчылык тууралуу сүйлөп, кырдаалдан чыгып кеткенбиз. Жогоруда кагазга жазбай чыкса не болот деген темада сүйлөп калбадыкпы, кагазга жазып даярдануунун эң чоң пайдасы ушундай кырдаалдарда сууруп чыгат. Сактыкка кордук жок дегендей, ар дайым даяр туруу алып баруучуларды ар кандай кырдаалдардан сактайт.

— Жаш алып баруучулар тууралуу да сөз кылып калдык. Азыркы жаңы муундун алып баруучуларына канчалык деңгээлде канааттанасыз?

— Азыркы алып баруучулардын муунуна көп деле канааттана бербейм. Азыр кыздардын баары жакшынакай. Телевидение негизи сулуу кыздарды, мырзаларды жакшы көрөт. Бирок ошол сулуулардын тилдери мокок, чала болуп калып, элдин назарынан өтпөй калган учурларды көп эле көрүп келе жатабыз. Демек окуу жайлар, ошол жакта окуган студенттер биринчиден ошол жактан жакшылап тажрыйба топтоп, пайдубалы бекем үй салышса деп ойлойм. Пайдубалы бекем алып баруучулар бир-эки жылда жоголуп кетпейт. Алып баруучулук деле ырчылардай, азыр халтура менен жан баккан ырчылар жоголуп кетти да. Ал эми чыныгы профессионалдар калып калды. Алып баруучулук деле ошол сыяктуу нерсе.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

Булак: Фабула.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here