Ажарлуу жүзү, кубулжуган үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган ырчы кыздарыбыздын катарын Назира Токонова да толуктайт. Ажарлуу, таланттуу кыздардын жүрөгүн багындырган жигиттер дайыма коомчулукту кызыктырып келет. Ушул кезге чейин Назирага “жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?” деген суроолор ыңгайсыздык жаратып келсе, мындан ары кубандырат. Дегеним, Назира сүйүктүүсүн тапкандыгын жана жашоонун бактылуу күндөрүн башынан кечирип жаткандыгын сүйүнчүлөдү.

— Назира, эл аралык конкурстарга байма-бай катышып жүргөнүңүздү көп көрөм. Негизи мындай сынактарга кандай жол менен катышасыз? Дегеним анча-мынча ырчылар фестивалдарга бара албай, жолун таппай жүрүшөт го?

— Негизи эл аралык фестивалдарга катышып жүргөндөргө түз эле чакыруу түшөт. Мен дайыма эле түз чакыруу алам. Башкалар кандай жол менен катышып жатканын же катыша албай жүргөнүн билбейм. Бирок жеке мага кайсы гана конкурс болбосун түз чакыруу түшөт.

— Жакшы обон жакшы тексттен улам жаралат дешет. Сиз текстке обон жазасызбы же жазылган обонго текст жаздырасызбы?

— Негизи акындардын эмгегин абдан баалайм. Ошондуктан мага обон чыгарыш үчүн жакшы текст керек. Ал үчүн көптөгөн акындардын ырларын окуп, жүрөгүмө жакын гана тексттерге обон жаратам. Текст обончуга эргүү бериши керек деп ойлойм. Ырды окуганда эле илхам жаралып, көкүрөктөн бир кайрык чыга калса, ал ыр жакшы ыр болот. Кээде жакшы жазылган текстке да обон жаралбай калат. Себеби ырды жүрөк тандаш керек.

— Эч бир музыкалык аспапта ойной албаган, жандуу ырдагандан корккон, музыкалык билими жок, бирок ошол эле учурда өздөрүн “жылдыз” сезген сахналаштарыңыз итиркейиңизди келтирбейби?

-“Эл тараза, эл сынчы” деген жакшы сөз бар го. Анын сыңарындай эле, андай ырчыларга мен сын айта албайм. Ар бир ырчынын өзүнүн күйөрмандары, угармандары, көрөрмандары бар. Ар бир ырчыга эл өз алдынча баа берет. Ошентсе да өнөр жолунда өз ордун табам деп жүргөн бардык кесиптештеримдин эмгектерин баалайм. Алардын кайсы бирин ырдай албайт же тиги-бу деп айтуудан алысмын. Кээ бири ырдай албаганы менен ички жан дүйнөсү башкача болот. Адатта күлүктөр жарышка түшкөндө баары бирдей чуркаганы менен жолдо айрымдары чарчап калып калат, айрымдары жыгылат, айрымдары озуп кетет. Андыктан кошо чуркап бара жаткан өз теңдүүлөрүмө сын айтуу мага абдан эрте. Эл бизди өз элегинен өткөрүп, чыныгы таланттарды арабыздан тандап алат.

— Өзүңүздү сыртыңыздан карап көрдүңүз беле? Сизди Назира Токонова деген атты алып жүргөн адам канааттандырабы?

— Албетте канаааттандырат. Ар бир адам өзүн сүйүш керек деп ойлойм. Өзүмдү далай жолу сыртымдан карап көргөм. Сырттан караган адам катары шайыр, жөнөкөй, эч качан жылдыз оорусу менен оорубаган адам катары эсептейм өзүмдү. (күлүп) Бирок негизи адам өзүнө-өзү канааттанбай турганы жакшы дешет. Айрым учурларда мындан да жакшы нерселерди жасасам болмок. Мындан да көп ийгиликти жаратышым керек деп, кылган ишиме канааттанбаган учурлар деле болот. Колдон келишинче аракет кылабыз.

— Сиз акча үчүн иштейсизби же акча сиз үчүн иштеши керекпи?

— Ар бир эле адам биринчи акча үчүн иштесе керек. Алгач сен акча үчүн иштеп, акча сени ээрчий тургандай деңгээлге жетип алышың керек. Кыйратаарлык иш кылбай жатып эле, акча мен үчүн иштеши керек деп айтуудан албетте алысмын. “Иштесең тиштейсиң” дегендей, аракет кылган адам гана кайсы бир ийгиликке жетет.

— Бирөөнүн тилине бат киресизби же дайыма өз позицияңызды кармайсызбы?

— Бирөөнүн кеңешин угам, бирок анын тилине кирип, өзүмдүн беттегенимден кайтып кетпейм. Анткени чыгармачылыкка дагы өз каалоом менен, ата-энемдин каршылыгына карабай келип алгам. Кеңеш угуу албетте жакшы нерсе, бирок ал адамдын тилине кирүү туура эмес. Ар бир адам өз туюмунда, сезиминде акыркы чечимди өзү гана чыгарууга милдеттүү.

— Өзүнүн баркын билген айымды башкалар да баркташат деген ойго кошуласызбы?

— Кошулам, өзүн сыйлабаган адамды башкалар кантип сыйламак эле? Өзүңдү сүйүп, өзүңө кам көрүп, өз кадыр-баркыңды билип жүрсөң, башкалар да ошол деңгээлге жараша мамиле кылат. Анын үстүнө кыргыздын кызы болгонума да өтө бактылуумун. “Кыргызда кыздын аты улук” деп, барган жерде кыз бала деп бизди өтө баркташат. Ошол бийик деңгээлден түшүп, баркымды жоготуп албаш үчүн башымды бийик көтөрүп, баркымды билгенге аракет кылам.

— Колуңузду сураган мырзалардын арасынан жүрөгүңүздүн эшигин каккылай алгандары барбы? Дегеним, жеке турмуш тууралуу ойлонуудасызбы?

-Негизи ушул кезге чейин колумду сураган мырзалар көп эле болду. Бирок менин купулума толгон бир да мырзаны жолуктуруп көрө элек болчумун. Бирок ушул жылы мен эңсеген жакшы сапаттардын баары бар, купулума толо алган мырзаны жолуктурдум. Ал мырза кыргызымдын жөнөкөй жигити. Мага жөнөкөй, бой көтөрбөгөн жигиттер жакчу. Жүрөгүмдүн эшигин черткен мырзаны таптым. Азыр мен үчүн жашоомдогу эң сонун күндөр өтүп жатат десем болот. Башыма чоң сүйүү келди. Буга чейин мындай сүйүү келген эмес. Эки адамдын сүйүүсү бири-бирине дал келсе абдан жакшы экен. Бактылуулуктун өзгөчө даамын таттырып жаткан жаратканыма чексиз шүгүрчүлүк келтирем. Буюрса той тууралуу ойлонуп жатабыз. Сөзсүз түрдө сиздерге кабарлайбыз.

— Кут болсун, мырзалардагы эң жек көргөн сапатыңыз кайсы? Аны сүйүктүүңүз билеби?

-Мырза эмнеси менен мырза? Ал албетте эң биринчи кезекте чечкиндүү болушу керек. Чечкинсиз, ыргылжың тарткан мырзалар жакпайт. Экинчиден колунан эч нерсе келбей эле, куру сөзү менен жыргата берген мырзаларды жактырбайм. Ал сапаттарды сүйүктүүм жүрөгү менен сезсе керек. Ошондой жаман сапаттары жок болгондугу менен жүрөгүмө барчу жолду тапты окшойт. (күлүп)

Нуркыз Рыскул кызы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here