Кыргызстанда сот системасындагы реформалар жөнүндө чейрек кылымдан бери айтылып келет. А бирок сот реформасынын идеясынын так программасы, 2012-жылы күзүндө президент А.Атамбаев Сотторду реформалоо кеңешин түзгөндө калыптана баштаган. 2014-жылы күзүндө аталган кеңеш өзүнүн иш жыйынтыгын көрсөткөндө, соттук реформалардын башталышына расмий старт берилген. Соттук реформалардын алкагында, президент жакында кол койгон бир нече кодекстер, мыйзамдар кабыл алынды. Алардын ичинде «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул мыйзамды иштеп чыгууда Европа Биримдиги эксперттик колдоо көрсөтүп, “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөго колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында жүрдү. «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-июлунан тарта киргизилди. Бул мыйзамга ылайык мүлк бөлүштүрүү, талашуу учурунда буга чейин теңсиздиктер болуп, кайсы бир тарап бүт бойдон ээ болуп, кайсы бир тарап куру калган учурларга, ажырашкандан кийин балдарына алимент төлөбөй качып жүрүүгө эми жол берилбейт. Кандай өзгөртүүлөр кирди? Өзгөртүүлөргө ылайык, эми карыз тарап өзүнүн мүлкү тууралуу маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү. Эгерде карыз тарап атайын мүлкүн жашырып же чындыкка туура келбеген маалыматтарды берсе, анда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Буга чейин сот чечимин аткарууну карыз тарап атайылап созуп, сот аткаруучулардын аракеттерин улам жогорку инстанцияларга арызданып, созуп келген болсо, эми мындан ары мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык андай кылууга жол жок. Буга чейин сот аткаруучулар өз алдынча иш алып бара албай, кандайдыр бир деңгээлде Башкы сот аткаруучу менен макулдашуу менен гана, иш убактысында гана иш алып баруусу керек болсо, эми карыз тарап мүлкүн жашырууга аракет кылып жаткан учурда саат 22.00дөн кийин деле, майрам күндөрү деле ишин аткарууга укуктуу. Ушул эле жаңы мыйзамдарга ылайык, эми кароол карточкасы ишке кирди. Ага ылайык, сот аткаруучулар тиешелүү башка органдарга бул карточканы жиберет. Ал органдар эгер карыз тарап кандайдыр бир жаңы мүлккө ээ болсо, сот аткаруучусуна 48 сааттын ичинде маалымат беришет. Карыз тарапка милдеттүү түрдө акчалай төлөө жүктөлөт. Муну аткарбаса, карызын төлөмөйүнчө, өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Долбоордун жардамы Долбоордун ишинин башкы багыттарынан болуп, соттордун башкаруусунун натыйжалуулугун көтөрүү жана ишенимдүү сот статистикасын иштеп чыгуу болуп эсептелет. Мында өзгөчө көңүл сот системасын “электрондук адилет сот” деген аталышка ээ болгон модернизацияга айрыкча көңүл бурулат. Сот системасынын бардык кызматкерлерин (соттор, прокурорлор, адвокаттар, сот аткаруучуларду ж.б. юридикалык факультеттердин студенттерин кошкондо) тынымсыз окутуу негизинен алардын кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө багытталган. Нормалык-чыгармачылык иш-чаралардын алкагында талаптагыдай, системалуу жана так туура мыйзамдарды даярдоодо техникалык аспекттерге өзгөчө көңүл бурулат. Айтылгандарга кошумча болуп, долбоор адвокатурага жана соттордун басма сөз кызматтарына максаттуу багыттагы колдоо көрсөтөт. Жогорку сотто судьялар жана соттордун басма сөз катчылары үчүн , ЖМК менен өз ара байланышын жакшыртууга жана калкка мыйзамдар жана сот системасы тууралуу сыпайы маалымат берүү максатын көздөгөн атайын тренингдер өтүп турат. Мисалга алсак, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында “Терс маанайдагы маалыматка кандай аракет көрүү керек жана ЖМК коомдук талкууну жараткан маалымат менен камсыз кылуунун жол-жобосу” деген темада тренинг болуп өттү. Тренингдин алкагында катышуучулар эл аралык тажрыйбалар менен таанышып жана өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Европадан келген судьялар: Саксониянын (Германия) Цвикау шаарынан келген судья, участкалык соттун басма сөз катчысы Штефан Цантке мырза жана Франциядан келген магистрат Дамиан Леваду мырза лектор катары чыгышты. Белгилей кетсек, ушундай эле тренинг түштүк регионунун судьялары үчүн 5-октябрда Ош шаарында болуп өттү. Долбоордун жетекчиси Стефанос Карекластын айтымында, долбоордун максаты Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн кадыресе орношу, бекемделиши жана камсыз болушу болуп саналат. Укук үстөмдүгүнүн принцибинин натыйжалуу иштешине жетишүү демократиялык режим үчүн гана негизги мааниге ээ болбостон, ошондой эле өлкөнүн финансылык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн болушунча өнүктүрүү үчүн да маанилүү. — Кыргызстанда сот реформасын жүзөгө ашыруунун алкагында бир топ пландуу иш-чаралар иштелип чыккан жана долбоор тарабынан ар кыл колдоо көрcөтүлүп келет. Алсак, сот системасынын жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, базалык, административдик мыйзам долбоорлорун талаптагыдай аткаруу , сот аткаруучуларынын институтун жана жарандык иштер боюнча сот чечимдерин аткарууну күчтөндүрүү болуп саналат. Долбоор көзөмөл функциясы бар органдардын: Акыйкатчы институтунун, Кыргыз Республикасынын Парламентинин, Юстиция министрлигинин, башкы прокуратуранын кызматкерлеринин кесиптик көрөңгөсүн күчөтүүнүн негизинде адам укугун жана жарандын укугун коргоо ишин камтыйт. Мындагы иш өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, маалымат кампаниясы жана юридикалык кеңеш берүү аркылуу, коммуникация стратегиясын өнүктүрүү жана аны ишке киргизүү аркылуу, адам укугуна байланышкан маселелерге тиешелүү мыйзам долбоорлорун техникалык жактан колдоо, экспертизадан өткөрүү аркылуу калктын укуктук маданиятын камсыздоого, өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга багытталган.

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here