Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Нуранын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Акыркы кезде жан дүйнөмдү жанчып, санаага салган бир абал пайда болду. Бул маселе жолдошумду канчалык деңгээлде ойлонтот, билбейм. Мен болсо эртеңки күнүбүз кандай болот деп уйку көрбөй баратам. Дүнүйө кууп жүрүп биз балдарыбызды тирүүлөй жоготуп алган окшойбуз.

***

Кубан экөөбүздүн эки кыз, бир уулубуз бар. Биз жаш күнүбүздө, ал 18, мен 17 жашыбызда эле баш кошконбуз. Күйөөм көп бир туугандын арасында ортончу бала болгондуктан ага тиешелүү үй да, жер да жок эле. Жарым жыл ата-энебиз менен турган соң Балыкчы шаарына батирге бөлүнүп кеттик. Тунубуз жарыкка келип биздин түйшүктү жалгыз Кубан көтөрүп калды. Айрыкча 1990-жылдардагы кыйынчылыктар баарына эле маалым болсо керек. Эптеп эле нан, сүт менен жан багып жүрдүк. Ошол маалда экинчи ирет кош бойлуу болуп калдым. Кайын журтум шаарга жакын тургандыктан айылдан бат-баттан келишчү. Айрыкча Кубан алыска Камаз айдап иштегендиктен ал жок маалда бала менен жалгыз калган мага карап байма-бай каттап турушчу. Райондун борборуна майда-барат алганы келген кайненем биздикине кайрылыптыр. Мен улам эшикке чуркап кусуп аткам.

– Эмне болуп атасың? Ден соолугуң жакшыбы? – деди кайненем сынай карап.

– Жакшы эле, дагы боюмда болуп калган окшойт, — дедим эч жаман оюм жок.

– Канча болду минтип атканыңа?

– Он күндөй.

– Алдырып сал. Бирин чоңойто албай атып экинчисин эмне кыласыңар? Көптү тууган мен жыргап атыптырмынбы? Кетет баары бир эркектин, бир катындын этегин кармап. Андан көрө баланы мага бер да, сен иште. Минтип жата берсеңер, кийинки жылы үстүңөргө үйрүп салар кийими жок каласыңар.

Чынын айтсам, токсикоздон заарканып турган жаным кайненемдин айтканына каршы деле болгон жокмун. Ал күнү кайненем биздикинде калып, эртеси экөөбүз доктурга бардык. УЗИге түшсөм, төрт жума болуптур. Андыктан түйүлдүктөн кутулуу оңой эле болду. Кайненемдин айтуусу менен мен бул тууралуу Кубанга үн каткан жокмун. Ал эч нерсе билбей калды. Айткандай эле, кызымды айылга берип, мен ишке чыктым.

***

Ырас, экөөлөп иштеп тапканыбыз арбып жыргап калдык. Алгачкы эле тапкан акчама күйөөм менен кеңешип спираль салдырдым. Иштеп жер алалы, там салалы деп жанталаша баштадык. Ырас, башында баламды сагынып, сүтүм тарабай бир топ эле кыйналдым. Бара-бара көнүп калдымбы же акча көбөйгөн сайын тынч жашоого көбүрөөк тартылып кеттимби, айтор, кийин кызымды баштагыдай сагынбай, баягыдай айылга шашпай калдым.

Жаңы заманга ылайык базарга ыктап, сооданын көзүн таап алдык. Мен базарга чыгып, Кубан айдоочулук жумушун эки иштеп бир иш кылып мага товар алып келип берип жатты. Эки жыл дегенде менин сунушум менен борбордон жер алдык. Балалыгым айылда картошка казып, алма терип өткөн үчүн шаарда жашоо менин кыялым эле. Балдарымдын борбордо бала бакчага барып, жакшы мектепте окушун каалачумун. Күндү күн, түндү түн дебей иштеп жүрүп жерге жеткенибиз бизге шык, дем берди. Эми мурдагыдан да жанталашып иштеп там салуунун аракетин көрө баштадык.

Аялдын табияты укмуш жаралган турбайбы. Ушул маалда мен дагы балалуу болууну көксөй баштадым. Кызыбыз төрткө карап калса керек. Базарда отуруп кош бойлууларды көргөндө көзүм күйчү болду. Ойлосом, биринчи балалуу болгондо өзүм бала болчу экенмин. Кантип кош бойлуу болуп, кантип толготуп, төрөгөнүм деле эсимде жок. Ал турсун, жыргалын сезип, ырахаттанып деле эмизген эмес окшобоймунбу. Кийин андан-мындан кеп угуп, бир топ нерсе билгендей, эми чындап аял, эне болгондой болдум. Бир чети ысыкка какталып, суукка тоңуп Балыкчынын шамалында базарда отуруудан эс алгым да келди.

– Кубан, төрөгүм келип атат, — дедим алыс сапардан келген күйөөмө эркелеп.

– Эмне, боюңда барбы?

– Жок да ошо, ал үчүн спиралды алдырып, бир аз даярданышыбыз керек.

– Ага канча акча керек?

– Билбейм, эми канча болсо деле акча турат го.

– Анын эсеби бар да, биз там салабызбы?

Ушинтип башталган маегибиз азырынча баланы коё туруп, там салып алуубуз керек деген жыйынтык менен бүттү. Чынында Кубан деле ымыркайлуу болууну сагынып жүрдү. Бул маалда анын достору жаңы үйлөнүп, жаңы балалуу болуп жатышкан. Алардын балдарын жаны калбай эркелетип, жыттап калчу. Бирок алгач үй салышыбыз керек деген максат бизди сезимдерибизди тыйып, каалап, самап турган максатыбыздан аргасыз баш тарттырып жатты.

***

Ушундай жанды-жанга урган түйшүктүү күндөрдүн биринде өзүмдү жаман сезип, адаттагыдай жакшы иштей албай баштадым. Жумуштан абдан чарчаптырмын деп ойлоп жүрдүм. Алым кетип шалдыраган сайын тамактан күчтөп ичип жакшы болуп кетем деген ой менен жүрө бердим. Таңда кетип, түндө келип, курсак тойгузуп эле уктап калган жашоо менен арадан эки-үч айдай убакыт өттү. Бир күнү базарда отурсам эле ичим согот. Абдан жагымдуу болду. Бирок бул эмнеден улам экенине акылым жетпеди. Эртеси доктурга барып кош бойлуу экенимди билдим.

– Эже, кантип эле, мен сактанып жүргөм?

– Кантип?

– Спираль бар болчу. Төрт жылдай болду.

– Баланы УЗИ көргөзүп атпайбы, мен ойлоп тааптырмынбы, — доктур мени көзүнүн төбөсү менен карады, – ушундай да болот. Кудай берем десе мына, спиралыңа деле карабайт турбайбы.

– Эми эмне кылам? – мен күйөөмө айтайын деген оюмду ага айтып алдым.

– Эмне кылмак элең, Кудай жалгасын деп төрөп ал. Деги үч айы өтүптүр, жарым жыл бат эле өтөт.

Доктурдун бул сөзү мени шыктандырып төрөп алууну чечтим. Бул жаңылык Кубанга деле жакты. Аман-эсен көз жарып уулдуу болдук. Бактыбызга чек жок. Мен балам менен ансыз да үйдөмүн деп айылдан улуу кызымды алдырып алдым. Кызым бешик терметип турганга жарап, эс кирип калыптыр. Аны менен жаңыдан таанышып, жаңыдан табышкандай эле болдум. Бирок бала күнүнөн чоң ата, чоң энеси менен болгонго аларды сагынып, кантсе да каныбыздан жаралгандык кылып бизди кыйбай ортодо кыйналып жүрдү. “Аялдын бактысы үйдө” деген чын тура. Балдарым, үй иши менен алышып отуруу мага чексиз бакыт болду. Бул бактыны дагы созгум келди. Эми өзүм билип уулума удаа дагы төрөп алайын деп чечтим. Кичүүбүз бирге чыкканда үчүнчү балама кош бойлуу болдум. Чынын айтсам, мен базарга чыкпай калып жумушубуздун солгундай түшкөнү Кубанды катуу ойлондурду. “Дагы төрөйм” дегеним аны таптакыр кубандырган жок.

***

Уулума удаа кызым жарыкка келип, тунубузду мектепке берип бактылуу болуп турган чакта алдамчылардын тузагына түшүп калдык. Кубан алып койгон жерибизге кошуп колубузда турган бир топ акчаны “үйдүн дубалы туруп калган жерге алмашам” деп чыкты. Дубалы турган үй биздин шартка ыңгайлуу болгондуктан мен деле каршы болгон жокмун. Тилекке каршы, ал адам жалаң ушундай жерлер менен шугулданган алдамчы экен. Бир үйдү үч адамга сатып жиберип качып кетиптир. Бири жетип, эки адам кызылдай эле күйүп кала бердик. Чындыгына жетип соттошуп, такташып иттен жок, ит байлаган жиптен жок калганыбызга көзүбүз жеткенде эл агымы менен биз да Орусияга сапар алдык.

***

Балдар кайрадан чоң энесинин колунда калды. Анда кичүүбүз бир, андан улуусу экиге чыгып калган. Чоочун жерде иш таап, туруктуу жайгашканча эки жыл бат эле өтүп кетти. Жумушубуз жакшы болбой, жашообуздан эптеп ашырып карызыбыздан кутулдук. Эми колубуз оозубузга жетип, тыңыраак иштей баштаганда кайненем ооруп калды. Балдарды карай албай калганында мен аргасыз мекенге келдим. Бир жылдан кийин күйөөм: “Иш жакшы болуп баштады, эч нерсеге жетишпей атам. Балдарды бала багуучуга калтырып, келип иште”, — деп чакыртты. Ансыз да балдар менен батирде кыйналып, менчик үй көздөн учуп турган жаным макул болдум.

Күйөөм салган акчага батирдин жарым жылын алдын ала төлөп, кийим-кечелерин камдап, анан бала багуучу издедим. Жакын жашаган сиңдим бар эле. Ал: “Сырттан көз салып турам”, — деп бир курбусун бала багуучулукка сунуштады. Айнура бир баласы менен ажырашып жүргөн экен. Кесиби педагог дейт. Чынында балдарымдын курсагын тойгузгандан тышкары тарбия да бере ала турган адам издегем. Оюмдагыдай чыгып, алдын ала акысын төлөп коюп Орусияга бет алдым.

***

Итибиз чөп жеп ишибиз жакшы болду. Бат эле борбордон жер алып, элден кембизби деп эки кабат үй салдык. Эки кабатты тургузгандан да анын ичин толтуруш бир топ убакытты алды. Биротоло баарын даяр кылып туруп киребиз деп ишибизди уланта бердик. Бул арада балдарыбызга бир жылда бир келип кем-карчын толтуруп берип, сагынычыбызды таркатып кетип жүрдүк. Баягы бала багуучубуз бизге, биз ага жагыптырбыз, “кетем” деген кеби жок жакшы иштеди. Бизге ушул керек эле, тууганыбыздай кабыл алып, акчасын жакшы төлөп берип аттык. Үйүбүз бүткөн соң жөө жүрбөйлү деп машине алдык. Анан Кыргызстанга барып иши жок калбайлы, кичинекей болсо да дүкөн ачалы деп акча топтодук. Мындай жетишкендик кимдин көзүн кызытып, кимдин көңүлүн бурбайт, дос-туугандын баары кулак түрүп бизди эле карап жатышты. Анан тапканыбыз өзүбүзгө буюрсун, элдин батасын алалы деп той кылууну чечтик. Мунун баары сегиз жылдык убактыбызды алды. Эх, жашооң түшкүр. Кайран ден соолугубуз… Баары дүнүйөгө, сагынычтуу, кусалуу жашоого кеткен экен. Мен муну качан мекенге биротоло келгенде билдим.

Дароо эле жаңы үйүбүзгө келип, батирди тапшырып, балдарды жаныбызга алдык. Бөтөн жерде эки баш болуп соксойгон күйөөм экөөбүз балдарыбыз менен бапырап жыргап эле калдык. Чоң үй, чоң аш болуп калыптырбыз. Андыктан бала багуучубузду балдарыбыз чоңоюп калышса да кетирген жокпуз. Айнура эми балдардан тышкары үй иштерине жардам кылып үй кызматчыбыз болуп калды. Сырттан караган адамга мунун баары — жыргал, керемет, бактылуу жашоо. Бирок күн өткөн сайын балдарым менден абдан алыс экенин байкай баштадым. Эшиктен келип эле атасы экөөбүздү карап да койбостон, Айнураны издешет. Аны менен ырахаттанып отуруп тамактанышат. Мен алардын кебине кошулсам эле жактырбай туруп кетишет, же айтканымды маани берип угуп коюшпайт. Улуу кызым аны менен сырдашып, андан кеңеш сурап жанынан чыкпайт. Айнура кечинде өзүнүн баласына кошуп менин балдарым менен сабак окуйт экен. Тим эле жан дилин берип жардамдашат. Анысына ыраазы болгонум менен балдарымды кызганып жактырбай кетем. Ушундан улам бир күнү балдарымды сынап:

– Айнураны кетирели, мындан ары биз жаныңарда болобуз, — десем, уулум:

– Сиз Айнура эжемдей сонун тамактарды жасай аласызбы? – десе, кичүүм:

– Сиз англисче билбейсиз. Ал мени котормочу кылат. Кетпейт, — деп тыкылдайт.
Айтор, Айнураны балдарымдан бөлө албасыма көзүм жетти. Балдарымдын мени кабыл албай, керек болсо жерип турган кылыктары толтура. Күн сайын кайталанып, саат сайын жүрөгүмдү оорутушат. Кубан болсо баарына ыраазы, баарына кайыл. Балдар тууралуу кеп козгосом, “ушулар деп куурап жүрдүк го. Азыр бала, баары бир билишпейт, кийин өздөрү түшүнүп алат”, — деп түйшөлүп деле койгон жок. Бирок мен балдарымдын алдында кандай чоң ката кетиргенимди билип турам. Карыганда, кайненем айтмакчы, балдарым карабай кетип, өмүрүмдү арнаган ушул эки кабат тамда жалгыз калабызбы деп корком. Балдарыма кантип энелик мээримимди сездире алам?.. Деги эле балдарымды кантип өзүмө жакындатам?

Булак: Леди.кг

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here