“Улуттар биримдиги” партиясынын качкын лидери Мелис Мырзакматовдун Оштогу анча-мынча ишенимдүү балдары бул презденттик шайлоодо Бабановду колдоого алышып, ал үчүн жан үрөп иштешиптир. Өмүкең аларга ишенип үгүт ж.б. иштерге деп 100 миң доллар бергени айтылууда. Чынында Мырзакматовдун партиясынан мурун Ош шаардык кеңешине депутат болгон айрым жигиттерди Бабановдун Оштогу үгүт иштеринде сүйлөп, активдүү иштеп жүргөнүн интернетке тараган сүрөт, тасмалардан көрүүгө болот. Анткен менен БӨТ Оштон кыйраткан деле добуш ала албады. Демек, Бабановдун мансапка жетүү үчүн шайтан менен да дос болууга даяр экенин ушундан улам билсе болот. Эгер Бабанов кокус жаза тайып ажо болуп калса, анда коррупциялык иштери боюнча башка өлкөдө безип жүргөн Оштун “ханы” Мелис Мырзакматовду актап, жактап кайра алып келмек окшойт. Айтор, БӨТтүн бул маселеде дагы бет пардасы сыйрылды десек болот.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here