***

…Ачкыла эшиктерди,
Ачкыла чек араны…
Жел эркин жүрүп турсун!
Каалаган өлкөсүнө,
Эл эркин кирип турсун!
А силер чектей берип,
Жер эне эле эмес,
Көңсүтүп жүрөктү да сасыттыңар…
Күнөлүү, күнөөсүздү жектей берип,
Ар кандай эрежени тактадыңар,
Балдарын Жер эненин,
Байланган итке айлантып таштадыңар…
Адамдар адам болуп жашаш үчүн,
Жасаштын кереги жок душмандарды…
Жазыштын кереги жок эрежени,
Жабыштын керек жок чек араны,
Жөн гана бирин-бири сүйүш керек,
Жаркылдап жалын өмүр сүрүш керек…
Коркомун бүгүн сенден,
Бөйрөктөй бөлүнгөнүң не дегениң?
Коргонго айланган бүт теребелиң,
Адамдар, адамдар э-эй,
Коркутат бөлүнгөнүң, ченегениң.
…Меники айлана бүт,
Меники бүт Жер шары!
Жер энем, Асман атам,
Кудайым жүрөгүмдө…
Мейли алар мени такыр таанышпасын,
Мен тааныйым, СҮЙӨМ баарын.
Башынан АДАМЗАТЫ,
Келишкен адилеттик орнотом деп,
Кан ичкич мыкаачынын,
Жүрөгүн ойготом деп,
…Душмандан сүйүү сурайм…
Сүйөм мен аларды да…
Ачкыла эшиктерди,
Ачкыла жүрөктөрдү.
Агылып кирсин сүйүү,
Жолун түк тоспогула,
Жүрөктүн каалоосунан коркпогула,
Жек көрүү махабаттан урап түшсүн,
Бузгула дубалдарды,
Балага оюнчук жаса,
Талкалап куралдарды…
Адамды таягыла!
Адамды аягыла!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here