Эмесе бетке массаж жасалганда кандай жыйынтык болот?

—Бетке массаж жасалганда алгач борбордук нерв системасынын иштеши жакшыртылат. Экинчиден адам көрүү, угуу, жыт сезүү органдары жакшыртылат. Бетке 36 түрдүү жумуш жасалганда кан айлануу системасы жөнгө салынгандыктан ушул органдардын баары калыбына келет. Эми адамдар убакыт өткөн сайын картаюу процесси жүрө баштайт эмеспи. Бул массаж жердин тартылуу, түртүлүү күчүнө каршы бетте жогору карай жасалат. Ошон үчүн бетте жакшынакай жашаруу, калыбына келүү процесстери аткарылат. Адам аркага жасалган гуаша массажынан улам өз курагынан10-15 жылга жашарат. Анткени, биринчиден суу ичип заара кылса тазаланат; экинчиден регуляция болгондо ысык-суук (инь-янь) теңделет; үчүнчүдөн 10-15 жылга жашаруу процесси жүрөт ; төртүнчүдөн дарылануу процесси 400дөн ашык дартты дарылайт ; бешинчиден диагностирования-түшкөн сүрөт аркылуу дартты аныктоо (далыга көгала  так түшүү).Ушул сүрөт кайсы жерде (органда)  кандай дарт бар экенин аныктайт жана дарылайт.  Ошондо  органдардын баары жакшынакай болуп гармонияга келгендиктен адамдын бети жаркырап турат. Беттен нур чачырайт. Анткени бүткүл ички органдын абалы бетте күзгү болуп көрүнүп турат. Мисалы, менин массажымды 10 күн катары менен алгандан кийин башка бет болуп калат. Бул массажды жалгыз жасагандыгыма байланыштуу адамдардын жүрөгүнө жакшы жеткире албай келатам. Анткени бул 36 синжифу кыймылы жасалган гуаша массажы бул тишти жууп, мончого баргандай эле кадимки адат болуп эсептелиши керек. Бул кыргыздар үчүн жаңы маданият экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Ошондуктан эл аябай жакшы көнө албай жатат.  Биз эми аркабызга кээде гана массаж алып көнгөнүбүз менен көпчүлүгүбүз бетибизге массаж алып көнгөн эмеспиз. Албетте, тойлор болгондо аялдар чачтарын жакшынакай жасатышып, беттерине толтура упаны сээп макияж жасатып, бриллианттарын тагынып ары жагындагы бырыш-тырышын жашырып, бетти жылмалап боёп, моюну капкара бойдон кете беришет. Ал эми дал ушул массажды бетине жасатып макияжды алганда кайсы аял болбосун өзүн “королева” сезмек.  Анан жакшынакай коррекциялангандыктан көзүнүн үстүндөгү шалпайып калган териси көтөрүлүп, бетинен жакшынакай нур чачыраган  көрүнүш пайда болмок. Эгерде бетине гуаша массажын  алганда. Дегеле бул массаждын  бетке тийгизген күчтүү таасири болгондуктан эки жаактын, ээктин эки четиндеги шалбырап бошоп калган терилер тартылгандан тышкары   мурундун эки таноосунун жанынан кеткен терең бырыштар да тартылып жакшынакай  көрүнүп калат.  Мындан улам адамдын бети  10 жыл мурдагыдай өз калыбына келет. Беттин келбетинин түзүлүшү формасын таптакыр өзгөртөт. Гуаша массажы бетке жасалганда  адам чарчап чаалыгуудан, психикалык чыңалуудан арылат. Бет терисинин бырыштары жазылгандыктан жана микроциркуляция болуп кан чуркагандыктан нерв системасы өз калыбына келет.  Кан айлануу системасынын жана микро кан айлануунун (бир тал чачтагы 20га жакын болгондой  ичке көзгө көрүнбөгөн  кан тамырлар аркылуу) негизинде баардыгы бир калыпка келгендиктен көздүн көрүүсү да жакшырылат. Бир гана көздүн тегерегиндеги  бырыштар жазылбастан көздүн көрүүсү да оңолот. Көз эмненин эсебинен жакшы көрө баштайт?  Көзгө келген көп кан тамырлар токтоп  кан жүрбөй калат. А массаждын  учурунада микро кан жүгүрүү процесси жакшырылат. Ошонун эсебинен  көз сетчаткага жана хрусталикке пайда. Башында балтайып турган бет массаждын акырында чап жаак бетке айланат. Ээктин алдындагы экинчи ээк дагы жоголот. Эмне себептен бет картаят? Эң биринчи стресстен. Экинчиден, таза жана натуралдык тамактар менен тамактанбагандыктан. Үчүнчүдөн, таза суу ичпегендиктен жана ошондой эле курамга май кислотасы (полиненасыщенная жирная кислота , Омега-3) жетпегендиктен.Төртүнчүдөн, полисахарида  жана амино  кислоталары жетишпегендигине байланыштуу бет картаят. Мисалы, жогоруда айтылган витаминдерди ичкен адам  ушундай витаминдерди ичпеген адамдан 10-15 жылга жаш көрүнөт. Ошондой эле коллаген жана гиалурон кислоталары азайгандыгынан улам бетке толтура бырыштар түшөт.

—Айрым адамдар көпчүлүктүн алдында курсагынын чоңдугунан уялган учурларды кездештирип жүрөбүз. Гуаша массажы курсакка кандай таасирин тийгизет?

—Курсакка массаж жасоонун дагы өзүнүн техникасы бар. “Мануальный массаж живота” , “Антицелюлитный массаж” деген. Бирок чындыгында массаж абдан оңой жана бат эле  жасалат. Массаж учурунда курсак аябай ооруйт. Мисалы, Гербалайф сыяктуу клубдардан арыктаган аялдарды көрдүм. Ошондо алардын шалбырап көйнөк болуп кийилип калган терилерин байкадым. А менин массажымда мүйүз менен кырганда кан жүгүргөндө падтяжка тартылат, курсактары да жалпайып, келбети да сонун болуп калат. Мисалы, 10 күндө 10, 20 күндө 20 см май кетирген учурларым болду. Бирок элдин баарыныкы андай болуп кетпейт. Себеби андай жыйынтык ар бир  адамдын курсагындагы майдын  жумшак, катуулугуна байланыштуу болот экен. Андыктан аябай катуу курсакка бир ай массаж жасасаң да май 10 см да кетпеши ыктымал. Курсакта майлар экиге бөлүнөт: тышкы майлар (кол, бут, бет, далы) жана ички (вицеральный) майлар. Бул ички майлар оңой  менен кетпеген майлар. Көп учурда адамдар арыктайм деп керели кечке ачка жүрө беришет. Анан кечинде үйүнө келип тамакты көп ичип жатып алышат. Бул эң туура эмес эреже болуп эсептелет. Себеби тамакты адам беш маал ичсе да бөлүп ичкени оң. Ошондо зат алмашуу процесси жакшырылат.  Көп учурда белок зат алмашуусу өтө начар болгондуктан  углеводду көп жеген үчүн адам семире баштайт. Эң бир кемчилик адамдын сууну туура эмес ичкендигине байланыштуу болот. Сууну 1кг салмакка 3 мг, мисалы 50 кг салмакка 1,5л, 100 кг салмакка 3л ичүү керек. Ошонун негизинде адам тез арыктайт жана өтө жаш көрүнөт.   Көп адамдар такыр суу ичкенди билбейт. Заара кылса сийдиги кочкул сары болот. Бул токсиндин, уулуу заттын көп экендигинин белгиси.   Кан басымы дайыма нормалдуу деңгээлде жүрөт жана ич катуу (запор) деген илдеттен кутулат. Эң негизгиси, гуаша массажы жасалып жаткан учурда массаж үзгүлтүксүз жасалышы жана туура өлчөмдө суу ичүү керек.  “Суу-өмүр булагы”  кыргыздар бекеринен айткан эмес. Ошондо сууну туура ичип, бир күндө ар бир адам 2 же 3 л ичиши жана жок дегенде 5 жолу заара кылышы керек. Ошондо бети туптунук болот. Эч качан ич катуу (запор) менен оорубайт. Мээ 98% суудан турса, мыщица 75%, сөөк 23%, кан 83% суудан турат.

Маектешкен:  Нуркемел  ИСАЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here